Жаңылыктар

РОССИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА "КОШЕЛЕК КОМПАНЬОН" КАПЧЫГЫНА АКЧА КОТРУУЛАР

1 6 2021

Компаньон Банкы россиялык ири соода тармактарын жана банктарын өз тутумуна туташтырып, аралыктан акча которуунун жаңы ыкмаларын пландаштырылган түрдө киргизүүнү улантууда. Компаньон Банкынын кардарлары үчүн дагы бир жаңылык - Россиянын эң популярдуу “СберБанк Онлайн” банктык тиркемеси аркылуу «Кошелек Компаньон» электрондук капчыгына акча которуу мүмкүнчүлүгү ачылды.

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ? 

Россиядан жөнөтүүчү:

  1. “СберБанк Онлайн” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек
  2. Тиркемеде: “Которуулар” “Чет өлкөгө которуулар” “Телефон номери аркылуу” (картага/эсепке) → “Киргизия” “Кошелек Компаньон” тандоо зарыл
  3. Алуучунун Кошелек Компаньон номерин терүү керек. (+996 ххххххххх)
  4. Которуунун суммасын киргизүү керек
  5. Алуучунун аты-жөнүн жана сумманы текшерип, төлөмдү тастыктоо керек

Жөнөтүүчү которуу үчүн комиссияны Россиядагы СберБанктын тарифтерине ылайык төлөйт. Которуу мобилдик тиркемеде жөнөтүү учурунда орнотулган курс боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат.

Рубль менен комиссия - которуунун суммасынан 1% түзөт (мин. 30 руб., макс. 1000 руб.)

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

Кыргызстандагы алуучу:

  1. Кошелек Компаньон тиркемесин Google Play/AppStore’дон жүктөп, идентификациялоодон өтүү керек
  2. Жөнөтүүчүгө Кошелек Компаньондун номерин билдирүү керек
  3. Капчыктын балансына түшкөн акча каражаттарын текшерүү. Алуучу капчыктын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат

Кошелек Компаньон балансына акча которуулар дароо түшөт.

Кошелек Компаньондон каражаттарды накталай алуу жана эсептен чыгаруу ыкмалары

Лимиттер:

Толук идентификациялоодон өткөн капчыктар үчүн:

  • 1 которуу – 50 миң руб. чейин
  • 1 күндүн ичинде которуулардын суммасы – 50 миң руб.
  • 1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1,5 млн. руб.

Онлайн идентификациялоодон өткөн капчыктар үчүн:

  • 1 которуу – 15 миң сом
  • 1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 30 миң руб.
  • Капчыктагы максималдуу калдык – 30 миң сом

Кошелек Компаньон тиркемесин акысыз жүктөө

Бардык жаңылыктар