Жаңылыктар

АМАНАТТАР БОЮНЧА ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕР ЖОГОРУЛАДЫ

7 6 2021

Ураматтуу кардарлар!

Жайдын башталышы менен Компаньон Банкы аманаттар боюнча пайыздык чендердин жогорулаган мезгилин ачат. Эми, Компаньон Банкына каражаттарды жайгаштыруу менен, кардарлар жылдык 13,5% га чейин сом менен кепилденген кошумча киреше ала алышат. Шарттар жөнүндө кененирээк маалымат:

«КОМПАНЬОН БАНКЫ» ЖЧК КАРДАРЛАРЫНЫН АМАНАТТАРЫ МАМЛЕКЕТ ТАРАБЫНАН КОРГОЛОТ

Компаньон Банкы – 2016-жылынан тарта Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу. КРдин Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» КРдин Мыйзамына ылайык, ар бир аманатчыга акча каражаттарын кайтарып берүүгө кепилдик берет, башкача айтканда кепилдик учур келгенде аманатчыларга 200 миң сом компенсация, анын ичинде аманаттар боюнча пайыздар төлөнөт.

Компаньон Банкындагы аманаттык жана башка эсептерди башкаруу, ачуу, толуктоо үчүн 24/7 онлайн режиминде иштеген Интернет/мобилдик банкинг жана «Кошелек Компаньон» электрондук капчыгы жеткиликтүү.

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлолрунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар.

Бардык жаңылыктар