Жаңылыктар

Кредиттик келишимдердеги өзгөрүүлөр

26 7 2021

Урматтуу кардарлар, 

Банк, түзүлгөн келишимдердин шарттарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, кредиттик келишимдерге кардарлардын укугун солгундатпаган жана милдеттерин арттырбаган төмөнкү өзгөртүүнү киргизип жаткандыгын билдиребиз: «эсеп аркылуу берүү үчүн» деген сөздөрдү (бар болгон шартта) «кредит боюнча акча каражаттарды касса аркылуу нак акчага айландыруу үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын. Ушул өзгөртүү кредиттик келишимдер түзүлгөн учурдан тартып колдонулат. Кредиттик келишимдердин башка шарттары өзгөрүүсүз калып, толугу менен аткарылганга чейин колдонулат.  

Аталган өзгөртүү кардарлар үчүн эч кандай кесепеттерге алып келбестен кошумча иш-аракеттерди жасоону талап кылбайт. Муну менен бирге кардарлар өз калоосу боюнча 1 (бир) айдын ичинде Банктын кеңселерине келип, кредиттик келишимге карата кагаз түрүндөгү тиешелүү кошумча макулдашууну түзө алышат.  

Кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиребиз! 

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлолрунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар.

Бардык жаңылыктар