Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ 15-АЛМА ФЕСТИВАЛЫНА ЧАКЫРАТ!

8 9 2021

Компаньон Банкы ар бир адамды 15-Алма фестивалына чакыруу урматына ээ. Жыл сайын өткөрүлгөн фестиваль Кыргызстандын ар кайсы аймактарында уюштурулат жана көптөгөн фермерлер менен багбандар үчүн эффективдүү аянтчага айлана алды.

Иш-чаранын негизги максаты - жергиликтүү багбанчылыкты жана айыл чарба өндүрүмдөрүн сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосундагы рыноктук байланышын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

  • Датасы: 25 -сентябрь, 2021 -жыл
  • Убактысы: 10.00дөн 15.00гө чейин
  • Өткөрүү орду: Өзгөн району, Куршаб айылы, С. Кадыралиев атындагы борбордук стадион
  • Катышуу: акысыз

Фестиваль Өзгөн районунун багбандарынын жетишкендиктерин көрсөтө алуу, тажрыйба алмашуу, потенциалдуу сатып алуучулар менен келишим түзүү, түшүмдү сатуу жана багбанчылыкка кызыккандарга Компаньон Банкынын адистеринен агрономия боюнча бекер кеңеш берүү үчүн чогултат.

Фестивалдын программасында:

  • Айыл чарба өндүрүмдөрүнүн жарманкеси
  • Алма парады
  • Мастер-класстар
  • Таланттар конкурсу
  • Агрономия жана органикалык айыл чарба боюнча кеңеш берүү
  • Музыкалык номерлер жана жергиликтүү таланттардын аткаруулары
  • Компаньон Банкынын финансылык кызматтары боюнча кеңештер
  • Фотозона
  • Жашылча - жемиштен жасалган айкелдердин таймашы
  • Жана көптөгөн башка кызыктуу нерселер

Алма фестивалына катышуу боюнча кошумча маалымат жана суроолор үчүн Компаньон Банкынын адистерине кайрылсаңыз болот:

  • 0555 950 263 (Бектемиров Сайдулла, Компаньон Банкынын аймактык менеджери)

Медиа аккредитациялоо Банктын PR-кызматы аркылуу +996 555 99 22 57 телефону жана e-mail: marketing@kompanion.kg аркылуу жүргүзүлөт.

АЛМА ФЕСТИВАЛЫНЫН ТАРЫХЫ:

Компаньон Банкы 15 жылдан бери жыл сайын Алма фестивалын өткөрүп келет.

  • I Алма фестивалын Компаньон жамааттарды өнүктүрүүгө багытталган “Алма” долбоорун ишке ашыруу алкагында 2006 жылы Жети-Өгүз районунун Тосор жана Тамга айылдарында өткөргөн.
  • II Алма фестивалы бир нече айылдардан келген багбанчылардын катышуусу менен Тосор айылында биринчи масштабтуу фестивал болуп 2007 жылы белгиленген.
  • III Алма фестивалы Кыргызстандын эки облусунун багбанчыларынын катышуусу менен Кызыл-Туу айылында (Ысык-Көл облусу, Тоң району) 2008 жылы өткөрүлгөн.
  • IV Алма фестивалы 40тан ашуун айылдан келген багбанчыларды чогултуп Ысык-Көл облусундагы Жети-Огуз районунун Дархан айылында 2009 жылы жолун уланткан.
  • V Алма фестивалы Ысык-Көл жана Нарын облустарынын 50дөн ашуун айылдан багбанчылардын башын бириктирип Кочкор айылында 2010 жылы өткөрүлдү.
  • VI Алма фестивалы 2011 жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында өттү.
  • VII Алма фестивалы 2012 ж. Баетов айылында (Нарын облусу, Ак-Талаа району)  өткөрүлдү.
  • VIII Алма фестивалы, өзүнүн мөмө-жемиш базарлары менен белгилүү, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой айылында 2013 жылы болуп өттү.
  • IX Алма фестивалы Ак-Жар айылында (Өзгөн району) 2014 жылы өкөрүлдү. Район өзүнүн тарыхый эстеликтери, дары суулары, күрүчү жана алманын ар түрлүү сорттору менен атактуу.  
  • Х Юбилейлик фестивалы 400дөн ашуун катышуучуларын жана конокторун чогултуп Ноокат районундагы Котормо айылында 2015 жылы өткөн.
  • ХI Алма фестивалы 2016 жылы Кызыл-Булак айылында (Кадамжай району) өткөрүлүп, 1000 ашуун катышуучу чогулткан. Фермерлер рекорддук санда - 1500 тонн алма сата алышкан.
  • XII Алма фестивалы 2017 жылы Искра айылында (Баткен обусу, Лейлек району) өткөрүлгөн.
  • XIII Алма фестивалы 2018 жылы Ак-Коргон Айыл Өкмөтүндө (Ала-Бука району)  өткөрүлгөн.
  • XIV Алма фестивалы 2019 жылы Токмок шаарында өттү. Фестивал Чүй районунун багбанчыларын бириктирип ишке ашкан.  

 БИРГЕЛИКТЕ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК ТҮЗҮҮ!

Бардык жаңылыктар