Жаңылыктар

Компаньон Банкынын VISA картасы аркылуу Yandex Go саякаттарында арзандатуулар

21 9 2021

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы VISA карталарынын бардык колдонуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат. Эми Yandex Go аркылуу такси менен жүрүү дагы кирешелүү болуп калды. VISA карталары менен төлөөдө Yandex GO саякаттарында Комфорт жана Комфорт+ тарифтерине 10% арзандатуга ээ болуңуз.

Арзандатууну кантип алса болот?

  • AppStore же PlayMarketтен Yandex Go колдонмосун жүктөп алыңыз.
  • Visa картаңызды кошуп, аны колдонмодо негизги төлөм ыкмасы катары тандаңыз.
  • Унаага буйрутма берүүдө Комфорт же Комфорт+ тарифин тандаңыз. Арзандатуу автоматтык түрдө берилет.
  • Арзандатуунун максималдуу суммасы бир сапар үчүн 3000 сомдон ашпайт.

Арзандатуу берилген сапарлардын саны чектелген. Арзандатуу Бишкек жана Ош шаарларындагы сапарларга гана Кыргыз Республикасында эмитирленген Visa карталары менен төлөөдө берилет.

Apple Pay жана Google Pay аркылуу, ошондой эле накталай төлөөдө арзандатуу берилбейт.

Акция 31.12.2021 ж. чейин жарактуу.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар