Жаңылыктар

Россиядан Кыргызстанга Компаньон Капчыгына ыкчам акча которуунун жаңы жолу!

21 10 2021

Компаньон Банкы россиялык ири соода тармактарын жана банктарын өз тутумуна туташтырып, аралыктан акча которуунун жаңы ыкмаларын пландаштырылган түрдө киргизүүнү улантууда. Компаньон Банкынын кардарлары үчүн дагы бир жаңылык - Россиянын эң чоңдорунун бири «Тинькофф» банктык тиркемеси аркылуу «Кошелек Компаньон» электрондук капчыгына акча которуу мүмкүнчүлүгү ачылды.

Кызмат “Кошелек Компаньон” капчыгынын ээлери үчүн жеткиликтүү.

КОТОРМОНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

Россиядан жөнөтүүчү

  • “Тинькофф” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек. 
  • Тиркемеде: “Платежи” → “По номеру телефона”  дегенди тандоо зарыл. 
  • Жазма китепчеден Кыргызстандагы алуучунун номерин тандоо керек. Эгерде жазма китепчеде алуучунун номери жок болсо, анда номерди кол менен терүү зарыл: (996 ххх хх хх хx). 
  • Банктардын тизмесинен “ЗАО Банк Компаньон” дегенди тандоо керек. 
  • Рубль түрүндө которуунун суммасын, эгерде керек болсо алуучуга билдирүүнү терүү керек. 
  • “Перевести” дегенди басып, төлөмдү ырастоо керек. 

КОТОРМОНУ КАНТИП АЛУУ КЕРЕК?

Кыргызстандагы алуучу:

  • Кошелек Компаньон тиркемесин Google Play/AppStore’дон жүктөпидентификациялоодон өтүү керек
  • Жөнөтүүчүгө “Кошелек Компаньон” капчыгынын номерин билдирүү керек.
  • Капчыктын балансына акча  каражатынын келип түшкөнүн текшерүү керек.

Алуучу капчыктын  толукталгандыгы тууралуу SMS же  push-билдирүү алат.**

** SMS-билдирүү автоматтык түрдө, ал эми

эгерде телефонунузда мүмкүн болсо push-билдирүү келет.

“Кошелек Компаньон” балансына акча которуулар заматта түшөт

Кошелек Компаньондон каражаттарды накталай алуу жана эсептен чыгаруу ыкмалары

Жөнөтүүчү которуу үчүн комиссияны Тинькофф тарифтерине ылайык төлөйт. Которуу мобилдик тиркемеде жөнөтүү учурунда орнотулган Тинькофф курсу боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат. Которууну ишке ашыруга чейин, жөнөтүүчү конвертациянын курсун жана сумманы сом түрүндө көрөт.

Рубль менен комиссия рыноктун курсу менен которуунун суммасынын 1% түзөт. 

Лимиттер: 

Толук идентификациялоодон өткөн капчыктар үчүн:

1 которуу – 150 000 рубльга чейин. 

1 сутканын ичинде которуулардын суммасы- 5 000 АКШ долларына барабар суммадан көп эмес болушу зарыл. 

1 сутканын ичинде которуулардын саны – 20дан көп эмес. 

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1 500 000 рубль. 

1 айдын ичинде которуулардын санына чектөө жок. 

Онлайн идентификациялоодон өткөн капчыктар үчүн:

1 которуу – 15 000 сом. 

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 30 000 рубль.  

Капчыктагы максималдуу калдык – 30 000 сом. 

Алынган которууну накталап алуу жолдору: 

  • Компаньон Банкынын же DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарынан(Компаньон Банкында чыгарылган Элкарт же Visa картасына алдын ала чегерүү аркылуу)  
  • Компаньон Банкынын агенттеринен же кассаларынан; 
  • же болбосо банктык эсепти/депозитти толуктоого болот;
  • ошондой эле “Кошелек Компаньон” капчыгы же Интернет-банкинг аркылуу товарлар жана кызматтарга төлөө үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. 

 

Бардык жаңылыктар