Жаңылыктар

Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү менен куттуктайбыз!

31 10 2021

Кыялдар канат байлаганда

Ар жыл сайын 31-октябрда бүткүл дүйнөлүк  үнөмдөө жумалыгы белгиленет, ал 1924-жылы Сактык банктарынын эл аралык биринчи конгрессин өткөрүүнүн учурунда демилгеленген. Быйыл майрам Кыргызстанда 7-ирет белгиленип жатат.

Компаньон Банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан демилгеленген Бүткүл дүйнөлүк аманат жумалыгын өткөрүүгө активдүү катышты.

Банк кызматкерлери өлкөнүн алыскы аймактарында жана борбордо финансылык сабаттуулук боюнча 11 тренинг өткөрүштү. Тренингтерге бардыгы болуп 472 адам катышты.

Тренингтер интерактивдүү түрдө өткөрүлдү. Эң чоң кызыгууну студенттер жана мектеп окуучулары көрсөтүштү. Жаш катышуучулар бири-бири менен ат салышып, өз билимдерин бөлүшүп, адистердин кеп-кеңешин жазып жатышты. Алар финансы мекемесинин иши менен таанышып, Кыргызстандын улуттук валютасынын тарыхы тууралуу жана жалпы жонунан банк системасынын өнүгүшү жөнүндө билишти. Эң активдүү балдарга Банк тарабынан белектер тапшырылды.

Тренингте Компаньон Банктын кызматкерлери жеке финансылык планды түздү, үй-бүлөлүк бюджетти башкаруу жана этияттык менен керектөө боюнча консультацияларды өткөрүштү.

Мындан тышкары, Банктын социалдык тармактардагы баракчаларында билим берүүчү басылмалар жарыяланды. Жана ошондой эле акчаны үнөмдөөнүн эң оригиналдуу ыкмасына сынак да өттү. Жеңүүчүгө электрондук китеп (санариптик китеп окугуч) белекке берилди.

Компаньон Банкы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барууда, акыркы эки жылда 10 000 катышуучу үчүн 950дөн ашык финансылык сабаттуулук боюнча тренингтер өткөрүлдү.

 

 

Бардык жаңылыктар