Жаңылыктар

АКЧА КОТОРУУЛАРГА КРЕДИТТЕР

24 11 2021

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы акча которууларга кредиттерди ишке киргизди.

Акча которуулар түрүндө (ички же эл аралык) үзгүлтүксүз кирешеңиз болсо, 100 000 сомго чейин кредитти ала аласыз.

Жубайы чет өлкөдө болуп, аялынын өмүрү үчүн дайыма акча жөнөтүп турса же ата-энелер ай сайын студент баласына окуу акысын жана турак жайын төлөш үчүн акча жөнөтүшөт деген  жагдайлар бар. Бирок которуу жакында келбей калса, акча бул жерде жана азыр керек болуп калсачы? Дал ушундай учурлар үчүн акча которуулар үчүн кредит иштелип чыккан. Эми киреше тууралуу маалымкаттын ордуна өлкө ичинде да, чет өлкөдөн да которуулардын келип түшкөнү тууралуу справканы бериш керек.

Кредит Кыргызстандын ичинде, ошондой эле чет жерден үзгүлтүксүз акча которууларды алып турган жеке жактарга ылайык келет.

 

Шарттар:


  • Кредиттин суммасы: 5 000 сомдон 100 000 сомго чейин
  • Пайыздык чени: жылына 29,9%*
  • Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин**

* Жылдык эффективдүү пайыздык чен 36,49%дан тарта.

** Камсыздоо катары Компаньон Банкынын депозиттик эсептериндеги каражаттар каралган кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү 1 айдан тарта жана ал депозиттин мөөнөтүнөн ашпашы керек.

 

Кредитти берүү:


  • Компаньон Банкынын төлөм карталарына (карта ошол замат берилет);
  • Компаньон Капчыгына (капчык ошол замат туташтырылат);
  • Банктын кассасы аркылуу.

 Керектелүүчү документтер:


  • Кредит алуучунун паспорту
  • Акча которууларды алууну ырастай турган банктан көчүрмө же башка тиешелүү документтер

 

Кредитти ким ала алат?

Акча которуулар түрүндө (ички жана эл аралык) үзгүлтүксүз акчалай киреше алган 21 жаштан 68 жашка чейинки жеке жарандар (КРнын жарандары) ***.

*** Кардардын же ал менен байланыштуу болгон, бирге жашаган адамдардын наамына түшкөн акча которуулар Банктын көчүрмөсү же башка ырастоочу документтерге ылайык ай сайын, акыркы 5 айда үзгүлтүксүз болушу керек.

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта

«Компаньон Банкы» ЖАК кардарларынын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери

Кошумча суроолор боюнча Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери аркылуу же Банктын кеңселерине кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар