Жаңылыктар

“QR КАБЫЛ АЛ – БАЙГЕЛЕРГЕ ЭЭ БОЛ” АКЦИЯСЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

1 2 2022

«Компаньон Банкы» ЖАК  “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК менен бирге соода-тейлөө ишканаларынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган “ЭЛКАРТ Трейд” тиркемеси аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча уюштурган “QR кабыл ал-байгелерге ээ бол” акциясынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү. 

1-февралда 5 бактылуу жеңүүчү акчалай сыйлыктарды алышты. Жеңүүчүлөрдүн арасында Банктын Балыкчы жана Исфана филиалдарынын кардарлары бар.

Акциянын шарттарына ылайык, соода-тейлөө ишканалары “ЭЛКАРТ Трейд”* тиркемеси аркылуу QR-кодду сканерлөө аркылуу калктан товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү кабыл алып алышкан. Жеңүүчүлөр болуп, ийгиликтүү төлөмдөрү эң көп болгон катышуучулар табылган. Аяктаган акция тууралуу кенен маалыматты бул жактан алууга мүмкүн.

Биз чын жүрөктөн жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз. Сиздерди баалайбыз жана банктын кызматтарын тандаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Биздин жаңылыктарга байкоо салып туруңуздар. Акциялар, продуктулар жана кызматтар тууралуу маалымат биздин расмий сайтта жарыяланып турат. Биздин кардарларды көп кызыктар күтөт!

*”ЭЛКАРТ Трейд” – бул QR код боюнча нак эмес төлөмдөрдү кабыл алуучу мобилдик тиркеме https://elcart.kg/

   

Бардык жаңылыктар