Жаңылыктар

КОМПАНЬОН КАПЧЫГЫ" ТИРКЕМЕСИНИН ЖАҢЫЛАНУУСУ

4 2 2022

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Капчыгы 2022-жылдын 4-февралынан тарта Google Play Market тиркемесинде жүктөө үчүн кайрадан жеткиликтүү.

“Компаньон” мобилдик тиркемесинин жаңылануусуна жана кошумча функционалдын киргизилишине байланыштуу, Компаньон Капчыгы бир канча убакыт жүктөөгө жеткиликтүү болбой келген.

Тиркемени жаңылоодон кийин кандай өзгөрүүлөр болду:

• Тиркеме Компаньон Капчыгынын жаңы колдонуучуларына жүктөө жана катталуу үчүн жеткиликтүү.

• “Компаньон Капчыгынын” же жаңыланган “Компаньон” тиркемесинин учурдагы колдонуучулары тиркеменин акыркы версиясына чейин жаңылоо керектиги тууралуу билдирме алышат.

“Компаньон” жаңыланган мобилдик тиркемеси Компаньон Банкынын электрондук капчык жана мобилдик банкинг функцияларын жана дистанциондук банк кызматтарынын кеңири спектрин камтыйт.

Кеңири маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз), WhatsApp 0 (770) 33 88 00

Бардык жаңылыктар