Жаңылыктар

ШЫЛУУНДАРДАН АБАЙЛАҢЫЗДАР!

4 2 2022

«Бүгүн инвестиция жасаңыз!», «Акча табууга шашылыңыз!», «Өз мүмкүнчүлүгүңүздү колдон чыгарбаңыз!». Шылуундар жана каржылык пирамидалар дал ушундай ураандарды колдонушат. Алар эбегейсиз бийик пайыздар жана кепилденген кирешени убада берип, долбоорго досторду тартууну суранышат.

Финансылык пирамида – бул пайдалуу инвестицияларды имитациялаган шылуунчулук долбоор. Каражаттар жаңы катышуучуларды туруктуу тартуудан түшүп турат. Алар акча салып, андан кийин жаңы адамдарды тартат, ошону менен пирамида өсөт. Аны менен бирге, пирамиданын башындагылар чыны менен акча табышы мүмкүн. Ал эми төмөн жактагылар жөн гана бир баскычка жогору тургандарга өз акчаларын курмандык кылган болушат. Ал эми эң эн кайгылуусу, уюштуруучулар жаңы жерде башка финансылык пирамида түзүү үчүн, иштеп тапкан акчаны алып, качып кетишет.

Мындан тышкары, ушундай өңдүү шылуунчулукка букмекердик конторалар аркылуу кабылып калса болот. Схеманын маңызы мындай: алар жеке жак менен байланышка чыгышып, кыска убакыт ичинде чоң суммадагы акча табууну убада беришет.

Катышуучу кайсыл бир суммага чен коет, кийинчерээк ага утуш аныкы болгонун, бирок акчаны берүү үчүн комиссия төлөө керектигин жана аны төлөгөндөн кийин кошумча суммаларды төлөө киргизилээрин билдиришет. Жыйынтыгында, катышуучу шылуундарга убадаланган сумманын жарымысын төлөп берет, андан соң алар качып жоголот.

Бул сиз жолугуп калчу алдамчылыктын жалгыз түрү эмес. Шылуундар чоң суммадагы акча табууну жана болуп корбөгөндөй утуштарды айтып, алдашат. Шылуундардын тузагына илинип калбаш үчүн, этият болуңуз.

Компаньон Банкы катышуучулардын салымы керек болгон ар кыл оюндар жана башка иш-чараларды уюштурбайт.

Бардык жаңылыктар