Жаңылыктар

ОНЛАЙН-КЫЗМАТТАРДАГЫ АКЫ ТӨЛӨП ЖАЗЫЛУУДАН КАНТИП БАШ ТАРТУУГА БОЛОТ?

11 2 2022

Көптөгөн онлайн кызматтар үчүн банк карталары аркылуу төлөө интернет колдонуучулардын жашоосун жеңилдетет. Анткени, интернеттеги тигил же бул кызмат үчүн биз автоматтык түрдө, ошол замат керектүү сумманы төлөй алабыз. Бирок ошол эле учурда, көптөгөн кокустуктардан улам, билбестен автотөлөмдөрдү активдештирүү учурлары орун алууда.

Бир жолу катталып, төлөгөн соң, сиз кызматтардын базасында болосуз. Гаджетиңизден тиркемени өчүргөндөн кийин деле каражаттар андан ары автоматтык түрдө эсептен чыгарыла берет.

Көп учурда иштеп чыгуучулар акысыз тесттик мөөнөттү сунушташат. Адам тиркемени жүктөп алат жана ага тиркеме жакпай калат, бирок ал учурда деле бир канча убакыттан кийин акча баары бир эсептен чыгарыла берет. Андыктан, тесттик мөөнөттү активдештиргенден кийин жазылууну дароо өчүрүп салуу оң.

Автоузартуудан баш тарткандан кийин дагы мурдагы мөөнөт аяктаганга чейин сиз акы төлөөчү функцияларды колдоно бересиз.

Google Playдеги акы төлөөчү жазылууларды кантип жокко чыгарса болот?

  1.  Өзүңүздүн Google Play тиркемеңизге кириңиз;
  2.  Экрандын сол жагындагы “Менин жазылууларым” дегенди басыңыз;
  3.  Болгон жазылууларды карап чыгып, алардын ичинен жокко чыгаруу керек болгонун табыңыз;
  4. “Ырастоо” дегенди, андан соң “Жазылууну жокко чыгаруу” дегенди басыңыз;
  5.  Ачылган терезечеде “Ооба” дегенди басыңыз.

AppStoreдогу акы төлөөчү жазылууларды кантип жокко чыгарса болот?

  1. “Ырастоолор” дегенге өтүңүз;
  2. Ырастоолор менюсунда «iTunes Store, App Store» дегенди тандаңыз;
  3. Экрандын жогорку жагында жайгашкан өзүңүздүн Apple ID идентификаторуңузду тандаңыз, андан кийин “Apple ID кароо” дегенди басыңыз;
  4. Сыр сөзүңүздүн териңиз;
  5. Андан соң “Жазылуу” (Башкаруу) дегенди тандап, керектүүсүн басыңыз;
  6. Жазылууну жокко чыгарган баскычты басыңыз же жазылуунун автожаңыртуусунун жүгүрмөсүн солго жылдырыңыз.

Эсиңизде болсун, сиздин акы төлөп жазылуу социалдык тармактар, оюндар, онлайн дүкөндөр, окутуучу кызматтар өңдүү тиркемелерде да болушу мүмкүн.

Компаньон Банкы банктык картаны социалдык тармактар, оюндар, онлайн дүкөндөр жана башка ушул сыяктуу чоочун кызматтарга байлоо үчүн жоопкерчилик албайт.

Бардык жаңылыктар