Компаньон Банкы «Золотая Корона» акча которуулар системасы боюнча 2022- жылдын 1-февралынан 31-мартына чейин төмөнкү багыттар боюнча тарифтердин төмөндөөсү тууралуу жарыя кылат:
- Россияга чыгыш которуулар үчүн комиссия 0,5%.
- Турцияга чыгыш которуулар үчүн комиссия 0,7%.
Россияга 0,5%га чейин комиссия 100 000 RUB чейин, же 2500 USD/2000 EUR чейин болгон валютаны конвертациялоосуз которууларга төмөндөтүлдү. Конвертациясыз, 100 000 RUB, 2500 USD, 2000 EUR жана андан жогору сумманы түзгөн которууларга комиссия 950 RUB же 25 USD/20 EUR түзөт.
Россияга акча которууну жөнөтүүдө Компаньон Банкынын кызматкерине алуучунун аты-жөнүн жана Россиянын каалаган банкы тарабынан берилген VISA Mastercard же Maestro картасынын номерин билдирүү керек.
Турцияга каалаган валютаны конвертациялоосуз которууга комиссия - 0,7%ды түзөт.
Акча каражаттарын которуу боюнча оператор РНКО «Төлөм борбору» (ООО), РФ ББ лицензиясы № 3166-К, 14.04.2014 ж