Жаңылыктар

ЛЕВАН ТХЕЛИДЗЕ ДИРЕКТОРЛОР КЕНЕШИНИН МҮЧӨСҮ КАТАРЫ ТАСТЫКТАЛДЫ

24 2 2022

Улуттук банк Леван Тхелидзени Компаньон Банкынын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы катары тастыктады.

Леван Грузиянын финансылык секторунда жана “TbilCreditBank”, “TBC-Bank”, “Standard Bank” (учурда Terabank), “Liberty Bank” сыяктуу банктарда 22 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ.

Леван экономист, андан тарта Операциялык директор, банктын Башкармасынын Төрагасынын орун басары өңдүү алдынкы позицияларды ээлеген. 2009-жылдын августунан 2010-жылдын июль айына чейин Беларус мамлекети, Минск шаарындагы Ch.I.U.P. “Forward Capital”да чет элдик экономикалык активдүүлүк боюнча эксперт болгон. Левандын иш таржрыйбасы банктын операциялык ишмердүүлүгү, эл аралык операциялар, казыналык, филиалдык тармак, ошондой эле бакнтардын карталык жана төлөм бизнесин башкарууну камтыйт.

Леван 1996-жылы Тбилисси эл аралык экономикалык мамилелер институтун АКШ жана Канада Экономикасы адистигин боюнча аяктаган. Андан кийин, Тбилисси билим берүү экономикалык институтунда Эл аралык экономикалык мамилелер адистиги боюнча билим алган, ал эми 2005-жылы Тбилиссидеги менеджмент боюнча Европа мектебинде магистр даражасына ээ болгон

Бардык жаңылыктар