Жаңылыктар

КАРДАРЛАР ҮЧҮН КОМПАНИЯНЫН БАНК КЫЗМАТТАРЫ ЧЕКСИЗ ЖЕТКИЛИКТҮҮ

26 2 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы, ошондой эле банктын бардык тейлемелери жана кызматтары штаттык абалда иштеп жатат. РФнын банктарына киргизилген санкциялар сиздердин каражаттын сактыгына жана жеткиликтүүлүгүнө эч кандай таасирин тийгизбейт.

Банк кызматтардын бардык түрүн көрсөтөт:

  • Банктын бардык төлөм карталары (Элкарт жана Visa) тейленүүдө жана эч кандай чектөөсүз жеткиликтүү; 
  • Банктын интернет - банкинг, мобилдик банкинг жана “Компаньон” тиркемеси сыяктуу дистанциялык кызматтары 24/7 бою техникалык мүчүлүштүктөрсүз иштеп жатат. Бул, сиздерге Банкка келбестен, өз эсебиңиздерге жеткиликтүүлүктү жана жеке каражатыңыздарды башкаруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
  • Сом жана чет элдик валютада эсептерди алуу жана толуктоо боюнча операциялар кеңселерде, банкоматтарда, мобилдик тиркемелерде эч бир чектөөсүз жеткиликтүү.
  • Бардык финансылык операциялар демейдегидей абалда, кечиктирилбестен жүрүүдө, айлык акы жана башка төлөмдөрдү банктын карталарына эсепке алуу өз убагында ишке ашырылууда.

Компаньон Банкынын кардарларынын салымдары ишенимдүү корголот жана Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте камсыздандырылган. Бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталы бар Компаньон Банкы, учурдагы экономикалык абалда финансылык туруктуулукту жана келишимдин шарттарына ылайык, кардарларга салымдар боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөп берүүгө кепилдик берет.

Банк Кыргыз Республикасында филиалдар тармагынын туруктуу ишин камсыз кылат. Кардарларды Колдоо Кызматы: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар