Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ “IBC MEET UP”ТА: КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН АРАЛЫКТАН ИШТӨӨСҮН УЮШТУРУУДАГЫ ИННОВАЦИЯЛАР

3 3 2022

2022-жылдын 3-мартында IBC Meet Up Эл Аралык Ишкерлер Кеңешинин кезектеги иш-чарасы болуп өттү. Бул ирет иш-чаранын темасы финансы секторундагы санариптик инновацияларга арналып, Компаньон Банкынын IT Башкаруучу директору Медер Мамутов аралыктан иштөөнү уюштуруудагы санариптик инновацияларды киргизүү тажрыйбасы менен бөлүштү.

  

Пандемия учурунда Банк кызматкерлердин дистанциялык иштөөсүн ийгиликтүү ишке ашырып, ушул тапта дагы кызматкерлерди кеңсеге байлабай, гибриддик графикти ишке ашырууда.

Белгилей кетсек, Компаньон чектөөлөрдүн алынып салынганына карабастан, аралыктан иштөөнү улантып жаткан КРнын финансы секторундагы көп эмес компаниялардын бири жана бул кызматкерлердин эффективдүүлүгүнө оң таасирин тийгизүүдө.

Албетте, бардык процедуралар техникалык жана коммуникативдик кайра уюштурууну талап кылган:

  • MS Office365ке өтүү;
  • дистанциялык иштөө үчүн кошумча жабдык сатып алуу;
  • дистанциялык иштөө учуру үчүн VPNге ПО орнотуу;
  • коммуникация үчүн бирдиктүү каналды орнотуу; 
  • кызматкерлерди керектүү техника менен камсыз кылуу;
  • жаңылыктарды колдонуу боюнча окутуу материалдары;
  • маалыматтык коопсуздук үчүн комплексттик чаралар.

“Жыйынтыгында, биз процесстердин көбүн ылайыкташтырдык, инфраструктурадагы “тар жерлерди” таап, жок кылдык, көптөгөн долбоорлорду ишке киргиздик, башкысы – башкы кеңсенин жана филиалдардын бирдиктүү иш алып барганынан улам, карантиндик шарттар, пандемия учурундагы иштөө жана жүгүртүүнүн төмөндөшүнө карабастан, Банк атаандыштык позициясын жакшыртып, жыл жыйынтыгын пайда менен чыгарды” – деп белгиледи Медер.

Мындан тышкары, пандемия учурунда, дистанциялык иштөөдөн улам, Банк CoViD-19 менен ооругандардын санын минималдаштыра алган

Бардык жаңылыктар