Жаңылыктар

РОССИЯНЫН 7 БАНКЫНЫН ЭСЕПТЕРИНЕ SWIFT КОТОРУУЛАР ИШТЕБЕЙТ

4 3 2022

2022-жылдын 12-мартынан тартып Европа Биримдиги тарабынан санкцияланган Росииянын банктары SWIFT системасынан ажыралагандыгына байланыштуу Компаньон Банкында төмөндөгү банктардын эсептерине SWIFT боюнча которуулары жеткиликсиз боло турганын эске алыңыз:

  • ВТБ
  • “Россия”
  • “Открытие”
  • “Новикомбанк”
  • “Промсвязьбанк”
  • “Совкомбанк” 
  • ВЭБ.РФ

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрү 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылсаңыз болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар