Жаңылыктар

GOOGLE PLAY MARKET КЫЗМАТЫНДАГЫ "КОМПАНЬОН" МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИ

9 3 2022

“Компаньон” мобилдик тиркемеси 2022-жылдын 9-мартынан тарта Google Play Market кызматында жеткиликтүү.

«Компаньон» мобилдик тиркемеси өзүнө электрондук капчыктын жана Компаньон банкынын мобилдик банкингинин функцияларын жана ошондой эле финансылык кызматтардын кеңири катарын бириктирет.

«Компаньон» мобилдик тиркемесин кантип орнотууга болот??

Жаңы колдонуучулар үчүн: 

  • Google Play Market кызматында Компаньон тиркемесин табуу керек; 
  • жүктөп, орнотуп алуу керек; 
  • Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүндө идентификациядан өтүү зарыл.

“Компаньон” электрондук капчыгынын учурдагы колдонуучуларына Google Play Market кызматынан тиркемени эң акыркы версиясына чейин жаңылоо тууралуу билдирүү келет/

Банктын кызматтарын колдонууда оорчулуктарга кабылбоо, ошондой эле электрондук капчыкты жана мобилдик банкингди андан ары колдонуу мүмкүнчүлүгү үчүн, Play Market кызматында тиркемени акыркы версиясына чейин жаңылоону өтүнөбүз.

 " Компаньон" Мобилдик тиркемеси боюнча тез-тез бериле турган суроолор

"Компаньон электрондук капчыгынын мурдагы версиясы мындан ары Google Play Market кызматында жүктөө үчүн жеткиликтүү эмес.

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 8:00 баштап 00:00 чейин жана дем алыш күндөрү 08:00 баштап 20:00 чейин кайрылсаңыз болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар