Жаңылыктар

KРдагы VISA КАРТАЛАРЫНЫН КАРМООЧУЛАРЫ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ МААЛЫМАТ

11 3 2022

VISA карталардын кармоочуларын чектебейт – кардарлар акча каражаттарын банкоматта накталап же сайттан каалаган товарды сатып ала алышат. VISA жана Банк автоматтык түрдө операциянын суммасын конвертациялап, карталык эсеп ачылган валютада эсептен чыгарат.

Эсептен чыгаруунун суммасы сиз банкоматта колго алгандан же дүкөндө төлөгөндөн айрымаланышы мүмкүн. Эмнеге мындай болот?

Конвертация учурунда бир нече курстар колдонулат:

  • Операция ишке ашырылган күндөгү VISA курсу (сумма блоктолот);
  • Транзакция иштетилген күндөгү Банктын курсу (сумма кардардын эсебинен эсептен чыгарылат).

Көп учурда бул ар башка күндөр болушу мүмкүн. Келиңиздер, конвертация кантип жүргөндүгүн мисалдын негизинде карап көрөлү:

Мисалы, сизде сом түрүндө VISA бар. 1-мартта сиз интернетте китеп сатып алдыңыз жана аны VISA картасы менен төлөдүңүз. Сатып алынган учурда китептин баасы 1000 сом болчу жана бул сумма сизге эсептен чыгаруу тууралуу келген смс-билдирүүдө көрсөтүлгөн. Бирок сиз эсеп боюнча көчүрмөнү текшергенде, Банк 1037,20 сомду эсептен чыгарып алгандыгын көрдүңүз. Эмнеге андай болгонун карап көрөлү:

VISA Төлөм системасындагы бардык өз ара эсептешүүлөр АКШ доллары түрүндө ишке ашат. VISA алгач китеп үчүн 1000 сомду сатып алынган күндөгү VISA курсу боюнча долларга конвертациялады – 94.96. 10,53 АКШ доллары өлчөмүндөгү конвертацияланган сумманы сиздин эсептен чыгаруу үчүн Банкка 2-мартта жөнөттү. Андан кийин, сом түрүндө сиздин эсептен сатып алуу суммасын чыгаруу үчүн, Банк 10,53 АКШ долларын иштетүү учурундагы Банктын курсу боюнча – 98,5 сомго конвертациялайт. Жыйынтыгында, сиздин эсептен чыгарылган сумма 1037,20 сом болду. Конвертация үчүн айырма 37,20 сомду түздү.

Курстук айырмадан кардар утулуп дагы, утуп да алышы мүмкүн. Эгер иштетүү учурунда курс төмөн болгон болсо, мисалы, 93,5, анда кардардан 984,55 сом эсептен чыгарылмак.

Учурда, курс туруксуз болуп жатканда, эгерде сиз мисалы бат-бат АКШ долларында сатып алууларды жасасаңыз же бизнес-эсептерди ушул валютада алып барсаңыз, Банк АКШ доллары түрүндө картаны ачууну сунуштайт.

VISA төлөм системасындагы доллардын сомго карата курсун төмөнкү шилтеме боюнча карап көрсөңүз болот:

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар