Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН НАК АКАЧАНЫ USD ТҮРҮНДӨ ЧЫГАРУУГА УБАКТЫЛУУ ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ ТУУРАЛУУ ТҮШҮНДҮРМӨСҮ

14 3 2022

Улуттук банктын №2022-П-09/14-1-(БС) “Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына нак чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүүдө убактылуу чектөөлөрдү белгилөө” жөнүндөгү токтомуна байланыштуу Компаньон Банкынын түшүндүрмөсү:

Нак АКШ долларын Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салуу Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына, алмашуу бюролоруна, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларына гана тиешелүү. Бул токтом башка юридикалык, жеке жактардын жана банктардын кардарларынын ишмердигине тиешелүү эмес.

Токтом менен Улуттук банктын расмий интернет-сайтынан төмөнкү дарек боюнча таанышууга мүмкүн: www.nbkr.kg / О Банке/ Банковское законодательство/ Постановления Правления Национального банка

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар