Жаңылыктар

ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИН 14,5%ГА ЧЕЙИН ЖОГОРУЛАШЫ

15 3 2022

Компаньон Банкы 2022-жылдын 16-мартынан тарта депозиттер боюнча пайыздык чендердин жогорулагандыгы тууралуу маалымдайт. Мындан ары, каражаттарды салуу менен, кардарлар сом түрүндө жылдык 14,5%га чейинки кепилденген кошумча киреше таба алышат.

Биз сиздерге каражаттын ыңгайлуу жана ишенимдүү сактоо жана көбөйтүү жолдорун сунуштайбыз. Өзүңүздүн муктаждыктарда жооп берген депозиттин түрүн тандап алып, ссылка боюнча сизди кызыктырган депозиттин бөлүгүнө өтүп, калькулятордун жардамы менен чогулган каражатыңызды эсептеңиз:

Компаньон Банкы – Кыргызстандын финансы рыногунда 18 жыл. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча таза пайданын өлчөмү боюнча Кыргызстандагы 5 ТОП банктын катарына кирет. Банктын кардарларынын салымдары ишенимдүү корголот жана Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттикте камсыздандырылган. Бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталы бар Компаньон Банкы, учурдагы экономикалык абалда финансылык туруктуулукту жана келишимдин шарттарына ылайык, кардарларга салымдар боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөп берүүгө кепилдик берет.

Банктын дистанциялык кызматтары 24/7 бою иштейт, андыктан Банкка келбестен өз эсептериңизге жеткиликтүүлүк камсыз болот жана жеке каражаттарыңызды башкара аласыз:

"Компаньон” мобилдик тиркемеси – тиркеме менен колдонуп, сиз өзүңүздүң депозитиңиздин сактыгынан кам санабасаңыз болот жана эсеп/депозит боюнча кыймылдарга көз салып, чегерилген пайыздарды көзөмөлдөп, депозитти толтура аласыз.

 Интернет-банкинг жана мобилдик банкинг – Интернет/Мобилдик банкингди туташтыруу менен, сиз: 

- өз депозитиңиздин болуусун/сактыгын текшере аласыз;

- эсеп/депозит боюнча банктан көчүрмө ала аласыз;

- төлөм картасына өз алдыңызча которуу менен, чегерилген пайыздарды ала аласыз.

Компаньон Банкынын төлөм терминалдары жана Pay24, QuickPay, UMAI, О!, Оңой, MegaPay, Unipay өнөктөш терминалдары. Сиз бул терминалдар аркылуу депозиттерди толуктай аласыз.

Мындан тышкары, депозиттик эсепти башка электрондук капчыктар: О!деньги, Balance, Megapay, Элкарт, МВank, Optima 24, My-Halyk, РСК 24, Элсом жана мобилдик банкинг аркылуу толтура аласыз.

ОНЛАЙН ӨТҮНМӨНҮ ТАПШЫРУУ

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар