Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНДА РЕЗИДЕНТ ЭМЕСТЕРДИ ТЕЙЛӨӨ

16 3 2022

Компаньон Банкы резидент эмес жеке жактар үчүн акысыз тейлөөсү менен эсеп ачуу боюнча кызматтардын топтому менен колдонууну сунуштайт.

Карталык/эсеп-кысап эсебин ачуу үчүн, кардар өздүгүн тастыктаган документ менен Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылуусу жетиштүү. Эгерде өзү келе албаса, кардар эсепти/картаны тиешелүү түрдө таризденген ишеним кагаз менен ыйгарым укуктуу адам аркылуу ачса болот.

  • Эсеп-кысап эсептери KGS, USD, EUR RUB KZT валютасында ачылат.
  • Visa банктык картасы - сом жана доллар түрүндө.
  • ЭЛКАРТ банктык картасы- КР сом түрүндө.

Кардардын жеке каражатынан тышкары, эсепке айлык маяна, автордук гонорарлар, башка банктык эсептеги каражаттар, мурас менен байланышкан төлөмдөр, жеке мүлктү сатуудан түшкөн каражат жана башканы түшүрүүгө болот. Кардар жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү, анын ичинде жеке максаттар үчүн сатып алынган товарлар үчүн төлөмдөрдү (көрсөтүлгөн кызматтар), кредит боюнча төлөөнү, коммуналдык төлөмдөрдү жана жашка, жеке мүнөздөгү төлөмдөрдү ишке ашыра алат.

Компаньон Банкы Элкарт (Мир)/Инстант/Visa Classic/Instant контактсыз карталарды сунуштайт.

Элкарт NFC карталарынын артыкчылыктары:

  • Улуттук валютада (KGS) карталык эсепти ачуу;
  • Пайдалуу тарифтер;
  • РФда МИР ТКУСунда тейлөө, КМШнын көпчүлүк өлкөлөрүндө, Турцияда жана Вьетнамда;
  • P2P которууларды РФдагы Компаньон Банкынын мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашыруу;
  • Компаньон Банкынын сайты аркылуу картаны ачуу.

Элкарт карталарына төмөнкүлөр аркылуу жөнөтүлгөн которууларды алууга болот:

«СберБанк Онлайн» тиркемеси, РФдагы Тинькофф жана башка мобилдик тиркемелер;

Россия, Казакстан, Беларустан KoronaPay тиркемеси. Элкарт карталарын толуктоого мүмкүн:

Элкарт карталарын толуктоого мүмкүн:

  • (Россиядан, Казакстандан, Украинадан,Өзбекстандан) QIWI Кошелёк аркылуу жана QIWI терминалдарынан (Россиядан);
  • “МегаФон” байланыш салондору жана терминалдар, ошондой эле, Россиядан “Связной” дүкөндөрү.

Visa төлөм карталарынын артыкчылыктары:

  • KGS и USD түрүндө карта-эсептерди ачуу; 
  • РФдан тышкары дүйнөнүн каалаган бурчунда тейлөө;
  • Компаньон Банкынын сайты аркылуу картаны ачуу;

Visa карталарына төмөнкүлөр аркылуу келген которууларды алса болот:

  • Россиядан “СберБанк Онлайн” тиркемеси; 
  • Россиядан, Казакстандан, Беларустан KoronaPay тиркемеси;
  • дүйнөнүн каалаган бурчунан VISA Transfer системасы;


РКО эсептеринин артыкчылыктары:

  • Депозиттерди пайдалуу шарттарда ачуу (жеке тарифтерди кароо мүмкүнчүлүгү).

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар