Жаңылыктар

РОССИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА АКЧА КОТОРУ

16 3 2022

Western Union системасы Россияда өз ишин токтотууда.

Компаньон Банкы өз кардарларына кам көрүп, Сбербанк Онлайн тиркемеси аркылуу Компаньон Банкынын карталарына жана Компаньон мобилдик тиркемесине акча которууларды жөнөтүүнүн ыңгайлуу жолун сунуштайт.

Маанилүү! СберБанк Онлайндан карталарга жана «Компаньон» тиркемесине акча которууларды жөнөтүү телефон номери боюнча ишке ашырылат. Рублдин сомго конвертациясы Компаньон Банкынын курсу боюнча бир жолу ишке ашат. Ошондуктан картанын номери боюнча жөнөтүлгөн башка которуулардан айырмаланып, сомго конвертацияланган жөнөтүүнүн суммасы алынган суммага барабар болот жана сиздин карта минуска кетпейт.

Которууну жөнөтүүбоюнча эң жөнөкөй 5 кадам:

1. «СберБанк Онлайн» тиркемесинин башкы менюсунда «Төлөмдөр» - «Чет өлкөгө» дегенди тандаңыз.

2. Андан кийин «Телефон номери боюнча (картага/эсепке)»«Кыргызстан» дегенди.

3. Акча которууну жөнөтүп жатканда алуучунун телефон номерин териңиз.

4. Тиркемеге же «Компаньон Банкы» картасына жөнөтүү үчүн, «Компаньон Капчыгы» дегенди тандаңыз.

5. Которуунун суммасын териңиз, алуучунун аты-жөнүн текшериңиз жана төлөмдү ырастаңыз. 

Кошумча артыкчылыктар:

  • Пайдалуу курс боюнча « Компаньон» тиркемесине каражаттарды тез түшүрүү
  • Компаньон Банкынын жана DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарында 24/7 бою карталардан которууларды накталоо мүмкүнчүлүгү.
  • Которууну «Компаньон» тиркемесинен Компаньон Банкынын Агенттеринен накталоо мүмкүнчүлугү – Кыргызстандын бардык аймактарында 1000ден ашык түйүн , сиздин үйгө жакын жайгашуусу. Которууну алуу үчүн Банктын бөлүмдөрүнө баруунун кажети жок.

Тиркемени жүктөө:

Которууларды кантип жөнөтүү, алуу жана накталай төлөө, ошондой эле лимиттер жана жыйымдар жөнүндө толук маалымат.

Банкоматтардын дареги

Агенттердин даректери

Филиалдардын жайгашуусу

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

*Эмнеге сиз үчүн СберБанк Онлайн аркылуу карталарга жана Компаньон тиркемесине телефон номерин колдонуп жөнөтүү пайдалуураак? Анткени Россиядан которууларды Кыргызстандын каалаган карталарына картанын номери боюнча жөнөтүүдө Мир ТКУСнун курсу колдонулат. Курстук айырмадан улам, картанын балансы минуска кетиши мүмкүн.


Бардык жаңылыктар