Жаңылыктар

PLOVE PARTYде "КОМПАНЬОН" IT-КООМЧУЛУК ҮЧҮН ПРЕЗЕНТАЦИЯ ЖАСАДЫ

28 3 2022

25 марта 2022-жылдын 22-мартында Компаньон Банкы Ololo креативдүү хабы менен биргеликте IT-коомчулуктун жана креативдүү бизнестин өкүлдөрү үчүн Plove Party уюштурду.

Иш-чарага 180ге чамалуу адам чогулган, алардын көбү – Россиядан келген коноктор.

Мыкты атмосфера, нетворкинг жана даамдуу палоодон тышкары, Банкын өкүлдөрү банктык операцияларга тийиштүү юридикалык суроолорду камтыган пайдалуу презентация жасашты. Алар Россиядан Сбербанк Онлайн тиркемеси аркылуу карталарга жана “Компаньон” тиркемесине телефон номери боюнча жөнөтүлүүчү пайдалуу которуулар тууралуу айтып беришти. Кыргызстандагы карталардын түрлөрү, айырмалары, артыкчылыктары жана комиссиялар тууралуу сөз кылышты.

Кыргызстандагы салыктар, патенттерди берүүнүн жол-жобосу, жеке ишкердикти ачуу жараяны өзгөчө кызыгууну жаратты. Албетте, ITдеги технологиялардын стектери темасы көңүл сыртында калган жок. Мындан тышкары, катышуучулар Банкка ишке орношуу жана учурдагы вакансиялар тууралуу маалымат алышты.

Белгилей кетсек, кечеде каалагандар банктын кызматтары тууралуу кабардар болушту.

Бардык жаңылыктар