Жаңылыктар

АГРОКРЕДИТ. БИЗДИН ТАЖРЫЙБА - СИЗДИН ИЙГИЛИК

1 4 2022

Компаньон Банкы айыл-чарбада иштеген кардарлар үчүн даярдалган жаңы "Агрокредит" продуктун ишке киргизүүдө.

Компаньон Банкынын кардарлары арыз берген учурдан тартып Агрокредитти толугу менен кайтарганга чейин банктын уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ - агрономия жана мал чарбасы боюнча жогорку квалификациялуу адистеринен төмөнкү темалар боюнча акысыз консультацияларды алуу:

- Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана кирешени көбөйтүү максатында агробизнести эффективдүү жүргүзүү;
- Заманбап айыл чарба технологияларын жана ыкмаларын колдонуу;
- Фермердик экономикалык эсептер;
- Жергиликтүү жабдып туруучулардын контакттары.*

«Агрокредит» 5000 сомдон 150000 сомго чейин 3 айдан 24 айга чейинки мөөнөткө төмөнкү максаттарга берилет:

  • Малдын башын көбөйтүү.
  • Тоют, үрөн, көчөт жана жер семирткичтерди сатып алуу.
  • Айыл чарба техникасын оңдоп-түзөө .
  • Жер участогу, имараттар, кампа, сактагыч үчүн ижара акысын төлөө.
  • Жаныбарларды/өсүмдүктөрдү коргоо үчүн каражаттарды жана сезондук жумуштарды аткаруу үчүн материалдык ресурстарды сатып алуу.

Артыкчылыктар:

  • Жеңилдетилген мезгил – 6 айга чейин
  • Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги
  • Акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы бар кардарларга 100 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз (Агрокредитти алууга тапшырыкты бергенге чейин).
  • "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайталап кайрылган кардарлар үчүн 150 000 сомго чейин күрөөсуз жана кепилдиксиз (акыркы 12 айда оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн гана).

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар