Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КЫЗМАТТАРЫ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕП ЖАТАТ

19 4 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы мессенджерлерде жалган маалыматтардын таралышына байланыштуу Банктын бардык кызматтары адаттагыдай эле көрсөтүлүп жаткандыгы туралуу маалымдайт.

Компаньон Банкынын ЭЛКАРТ жана VISA төлөм карталары иштеп жана тейленип жатат. Бардык социалдык төлөмдөр, пенсиялар жана акчалай компенсациялар карталарга өз убагында чегерилип турат. «Пенсионердин картасы» жана «Социалдык төлөмдөр» аттуу ЭЛКАРТ төлөм карталары толугу менен акысыз жана жылдык тейлөө үчүн комиссиясыз чыгарылат. Банктын жана достук тармактын түзмөктөрүндө акчаны накталай алуу үчүн комиссия - 0%. Акысыз тейлөөдөн тышкары картадагы акча каражаттарынын калдыгына жылына 3% кошулат.

Маалыматты Банктын www.kompanion.kg расмий сайтынан, Банктын кеңселеринде же Кардарларды колдоо кызматында - 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз), WhatsApp (0770) 33 88 00 телефон номерлери аркылуу текшериңиз.

Бардык жаңылыктар