Жаңылыктар

15.05.2022 ТАРТЫП МОБИЛДИК БАНКИНГТИ ЖҮКТӨП АЛУУГА БОЛБОЙТ

20 4 2022

Компаньон Банкы 2022-жылдын 15-майынан тартып Мобилдик Банкинг тиркемеси жүктөп алуу үчүн жеткиликтүү болбой турганын тууралуу маалымдайт.

Банктын кызматтарын колдонууда оорчулуктарга кабылбоо үчүн, “Компаньон” мобильдик тиркемесин жүктөөнү өтүнөбүз.

«Компаньон» мобилдик тиркемеси өзүнө электрондук капчыктын жана Компаньон банкынын мобилдик банкингинин функцияларын жана ошондой эле финансылык кызматтардын кеңири катарын бириктирет.

Тиркеме орнотулган кардарлар үчүн тиркемеге кирүү жана “Мобилдик банкингдин” кызматтарын колдонуу өзгөртүүсүз мүмкүн болоорун эске алыңыз. Мындан тышкары, Интернет-банкинг системасы жеткиликтүү, төлөмдөрдү Клиринг/Гросс, SWIFT жана башка финансылык кызматтар аркылуу ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар