Жаңылыктар

«Ислам принцибинде банк ишмердүүлүгү жана каржылоо» финансалык сабаттуулук боюнча симинарга чакырабыз

13 3 2017

Сиздерди Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасы алкагында маалыматтык семинарга чакырабыз.

Финансылык сабаттуулук – бул финансылык институттар жана алар тарабынан  сунушталган ѳнүмдѳр жөнүндө,  ошондой эле өз иш аракеттеринин натыйжасына туура баа берүү менен муктаждык келип чыккан учурда аларды пайдалана билүү.

Өлкө калкынын финансылык сабаттуулугунун жогорку деңгээли мамлекеттин экономикасына сыяктуу эле,  анын жарандарынын бакубат жашоосуна да оң таасирин тийгизет, алсак:

 Финансылык продуктылардан пайдалануу деңгээлин жогорулатат, финансы рыногунун ачык айкындуулугун жана рыноктун туруктуулугун камсыз кылат.

  • ишенимдүү карыз алуучулардын санын көбөйтүүгө, банктардын кредиттик жана аброюна тиешелүү тобокелдиктерди төмөндөтүүгө өбөлгө түзөт.
  • Үй-бүлөлүк бюджетти туура пайдалануу менен финансылык бакубаттуулукту жогорулатат, пландаштыруу чөйрөсү кеңейтилет, үй-бүлөдө финансыларды тескөө жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсүнө шарт түзөт.

Семинардын ѳтүлүүчү жери: 2017- жылдын 16-мартта, саат 14:00, Теология факультети, Ош мамлекеттик университети

Саминардын мерчеми:

14:00-14:15

Кириш сѳз, теология факультетинин деканы доктор Самаган Мырзараимов

14:20-15:30

«Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоо принциптерин жайылтуу»

Баяндамачы - Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын, КМЛБынын  Ислам финансылык продукттар бѳлүмүнүн жетекчиси Осмоналиева Арзыкан Абыловна

 

 

15:35-16:00

Кыргыз Республикасында Ислам принциптери менен иштеген каржы мекемелер.

Баяндамачы – Ислам каржы ассоциациясынын төрагасы Керимбаев Талант

16:00-16:30

Суроолор

 Модератор: доктор, теология факультетинин, кафедра башчысы Ажиматов Зайлабидин.

Техникалык ѳнѳктѳштѳр: ОшМУнун теология факультети жана «Компаньон Инвест» ЧКК ЖЧК.

Бардык жаңылыктар