Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН СПОРТЧУЛАРЫ ЖАҢЫ ЖЕҢИШТЕРДИ АЛЫП КЕЛДИ

16 5 2022

2022-жылдын 15-майында Компаньон Банкынын спорттук командалары бир учурда бир нече спорттук турнирлерге катышты: волейбол боюнча банк аралык турнир, футзал боюнча банк аралык турнир жана КРдагы Америкалык Соода палатасынын мүчөлөрү арасындагы мини-футбол боюнча кайрымдуулук турнири.

Спортчулар Компаньон Банкына мыкты жыйынтыктарды алып келди.

Он үч финансы-кредиттик мекеме жана КРУБ командалары катышкан волейбол боюнча банк аралык турнирде Компаньон Банкынын Нарын филиалынын командасы 2-орунду ээледи. Команда КИКБ, Бай Түшүм, АКБ Кыргызстан жана Оптима-Демир Банк, КРУБ-Финка курамалары менен ойногон.

Белгилей кетсек, Компаньон Банкынын волейболисттери гана эмес, күйөрмандары дагы “Күйөрмандардын эң мыкты командасы” дипломуна ээ болуп, өзгөчөлөнүштү.

Ал эми Ош шаарында футзал боюнча июндун ортосуна чейин улана турган банк аралык турнирдин биринчи туру болуп өттү. Компаньон Банкынын Өзгөн шаарынын жана Ош филиалынын курама командалары “Азия Банкы – Капитал Банк” курамасын 5:2 эсебинде утуп алды. Жалпысынан турнирге 12 команда катышкан.

Компаньон Банкынын спортчулары КРдагы Америкалык Соода палатасынын мүчөлөрү арасындагы мини-футбол боюнча кайрымдуулук турнирин дагы көңүл сыртында калтырышкан жок. Аталган турнир мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берүүчү “СезимТал” инклюзивдүү билим берүү мектебине каражат топтоо максатында уюштурулган.

 

Бардык жаңылыктар