Жаңылыктар

ШЫЛУУНДАРДАН САК БОЛУҢУЗ!

23 5 2022

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы ар кандай интернет аянтчаларында (мисалы, Lalafo, Cdek.kg, Yildam Expres) шылуунчулук топторунун жанданганы тууралуу эскертет. Алар сатып алуучубуз деп, сатуучунун картасына товар үчүн төлөмдү жөнөтүүнү сунуш кылышат. Бул үчүн алар Банктын расмий сайтына окшош сайттын шилтемесин жөнөтүшү мүмкүн.  Шилтеме боюнча өтүп, сатуучу СМСтен 3-D Secure кодду алат.

Сатуучу бул кодду киргизип же кат, телефон чалуу аркылуу байланышып жаткан адамга кодду билдиргенде, үчүнчү жак анын тиркемесине жана бардык эсеп/карталарына жеткиликтүүлүктү алат. Кодду жөнөткөн номер дагы, Банктын кардарларды колдоо Кызматынын номерине окшош болоорун белгилей кетүү керек.

Куу шылуундардын кайырмагына илинип калбаш үчүн, төмөнкү маалыматты билүү жана колдонуу зарыл:

  • Шектүү шилтемелер боюнча өтпөңүз.  Өзүн сатып алуучу же сатуучу деп тааныштырган шылуундар, оригинал сайттан эч айрымасы жок фишинг-сайтка колдонмо шилтемени жөнөтүшөт.
  • Текшерилбеген, коомдук WI-FI менен колдонбой эле коюу керек. Администратор сиз ресурстарга катталуу үчүн киргизген аты-жөнүңүз, байланыш үчүн маалыматтарыңыз, банктык картанын номери өңдүү жеке маалыматтарыңызды уурдап алышы мүмкүн.
  • SMSтен сырсөздөрдү жана коддорду, картанын артындагы CVV-кодун, Интернет банкингдеги жеке эсебиңиздин сырсөзүн, банктык тиркемелерди же код сөздү айтпаңыз.
  • Банктан SMS дайыма бир номерден келет. Эгерде SMS, мисалы, бүткөн которуу же төлөм жөнүндө жаңы диалогго келсе, анда бул аферисттер. Интернет-банкингдин тиркемесиндеги же жеке эсебиндеги эсебиңиздеги калдык тууралуу маалыматты текшериңиз.
  • Чоочун адамдардын жана уюмдардын эсептерине акча которбогула, ал болжолдуу түрдө Банктын кызматкери же "атайын эсеп" болсо да.
  • Белгисиз номерлерге, өзгөчө кыска номерлерге чалбаңыз: алар үчүн акы алынышы мүмкүн. Эгерде сизге "банктан" чалуу келип, бирок күмөн санасаңыз, расмий номерге окшош болсо дагы, ошол номерге кайра чалбаңыз. Банктын номерин кол менен териңиз: аны картанын артында же Банктын веб-сайтынан көрсөңүз болот.
  • Эгерде сиз ошого карабай алдамчыларга картанын маалыматы же SMS аркылуу келген код жөнүндө кабар берсеңиз, Банктын расмий номерине чалып, картаны бөгөттөңүз.
  • Банкка алдамчылар жөнүндө кабарлаңыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

 Картаны бөгөттөө үчүн төмөнкү телефондорго чалсаңыз болот:

ЭЛКАРТ (күнү-түнү)

0(555) 63-76-96

0(777) 63-76-96

0 (500) 63-76-96

WhatsApp +996 505 63 76 96  

Telegram @Elkartbot


VISA

+ 996 (312) 98-60-55

0 (800) 800-80-80       


 

 

 

 


Бардык жаңылыктар