Жаңылыктар

Бишкекте финансылык сабаттуулук боюнча квест-оюн болуп өттү

5 4 2017

Компаньон Банкы Бишкекте болуп өткөн Бүткүл Дүйнөлүк акча аптасынын чегинде финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча квест-оюнунун спонсору болду. Оюнга 12 ден 16 жашка чейин 50 жакын мектеп окуучулары катышышты. Катышуучулар бир нече билим сыноолорун өтүп, кызыктуу финансылык тапшырмаларды аткарыш керек эле. Окуучулар ар бир туура жооп үчүн «билимдер» оюн акчаларын алышты. Акыркы аукциондо ал акчаларды реалдуу белектерге алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышты –депозит ачуу үчүн сертификаттар, столдун үстүндө ойнолуучу финансылык оюндар, китеп дүкөнүнө белек сертификаттар. Кара-Балта шаарынын № 6 мектептин окуучулары Адис Абдылдаев, Владислав Березовский жана Владислав Цой Компаньон Банкында 5 000, 4 000 жана 3 000 сомдук депозит ачуу үчүн сертификаттардын утуп алышты. Биз белек ээлерин куттуктайбыз жана бул жаш кардарларды Кара-Балта шаарындагы Чүй филиалында күтөбүз.

Бүткүл Дүйнөлүк акча аптасынын чегинде Компаньон  Банкы мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды жана Банктын филиалдарында ачык эшик күндөрүн өткөрөт. 

Бардык жаңылыктар