Компаньон Банкынын кызматкерлери Микрофинансылык Уюмдар Ассоциациясынан (МУА) ыраазычылык грамоталарын алышты. Аталган сыйлык акыркы 3 жылда микрофинансы секторуна сиңирген эмгеги үчүн жана иштин жогорку эффективдүүлүгүн көрсөткөн кызматкерлерге берилет.
Грамоталарды төмөнкү кызматкерлер алышты:
- Талас филиалынын директордун орун басары Алышерова Динара
- Узген филиалынын директордун орун басары Нышанова Минура
- Джалалабад филиалынын директордун орун басары Ашимов Уларбек.
Биз чын жүрөктөн куттуктайбыз жана алдыга умтулуу, аракет дайым ойдогудай бааланышын каалайбыз!