Жаңылыктар

АКЧА КОТОРУУЛАРДЫН ИШ СИСТЕМАСЫ

6 6 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы акча которууну алуучуга берүү акча которуулардын эл аралык системалары боюнча бир гана жөнөтүүчү-өлкөнүн валютасында же КРнын улуттук валютасы – сом түрүндө ишке ашырыла тургандыгын маалымдайт.

ЗОЛОТАЯ КОРОНА, КОНТАКТ, ВЕСТЕРН ЮНИОН: 

  • Россия Федерациясынан доллар жана евро түрүндөгү которууларды төлөп берүүгө тыюу салынган.
  • Рубль түрүндө жөнөтүлгөн которуулар рубль түрүндө берилет. Эгерде кассада накталай рубль жок болсо, которуу сом түрүндө, которууну берүүнү ишке ашырып жаткан убактагы Улуттук банктын курсу боюнча төлөнүп берилет.
  • АКШдан келген которуулар доллар түрүндө гана берилет. Кардардын макулдугу/каалоосу менен которууну берүү сом түрүндө, которууну ишке ашырып жаткан убактагы Улуттук банктын курсу боюнча төлөнүп берилет.
  • Евро түрүндө Австрия, Бельгия, Германия, Греция, Ирландия, Испания Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Португалия, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Эстониядан евро түрүндөгү которууну берүү евро түрүндө ишке ашырылат. Эгер чет элдик валютада накталай акча жок болсо, кардарга которууну Банктын курсу боюнча сом түрүндө алуу сунушталат.
  • Башка өлкөлөрдөн доллар жана евро түрүндө келген которууларды берүү которууну төлөп берүү учурундагы Банктын курсу менен сомго конвертация менен гана берилет.

ЮНИСТРИМ:

  • Доллар жана евро түрүндө которууну берүүгө тыюу салынды. 
  • Рубль түрүндөгү которуу эгер ал Россиядан келсе, рубль түрүндө берилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

 

Бардык жаңылыктар