Жаңылыктар

ӨЗБЕКСТАНДА ЭЛКАРТ КАРТАЛАРЫ БОЮНЧА ОПЕРАЦИЯЛАР ЖЕТКИЛИКТҮҮ

7 6 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы мындан ары Элкарт (NFC) контактсыз төлөм карталары менен Өзбекстандын аймагында төмөнкү операцияларды ишке ашырууга мүмкүн экендигин кубануу менен маалымдайт:

  • Банкоматта балансты билүү;
  • Картадан банкоматка нак акча каражаттарын берүү; 
  • POS – терминалдарда контакттуу жана контактсыз интерфейс боюнча товарлар үчүн төлөө/аларды кайрып берүү.

Мындан тышкары, Элкарт (NFC) карталары менен POS-терминалдарда төлөм боюнча операцияларды ишке ашырууга жана Россия Федерациясы, Беларус жана Армениянын аймагындагы акча каражаттарын накталоого болоорун эскертебиз.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар