Жаңылыктар

КЫРААКЫ БОЛУҢУЗДАР! ШЫЛУУНДАРДАН ЖАҢЫ АМАЛДАР

9 6 2022

Урматтуу кардарлар,

Кыраакы болуңуздар! Шылуундар алдамчылыктын жаңы жолдорун колдонуп жатышат. Алар расмий сайттан жана Компаньон Банкынын кардарларды тейлөө Кызматынын номеринен оңой менен айырмаланбаган фишинг баракчаларын жана номерлерин колдонуп жатышат.


Шылуундар топтору жүргөн эң көп таралган интернет-аянтча - Lalafo. Алар сатып алуучу деп өзүн тааныштырып, товар үчүн төлөмдү картага, мобилдик тиркемеге же электрондук капчыкка которууну сунуштайт. Бул учурда сизге төлөм/акча которуу келип түшөт деп алдашат. Шылуундар шилтеме жөнөтүп, аны ачып, смсбилдирүү менен келген кодду киргизүүнү суранышат. Эч бир убакта мындай шилтемелерди ачпаңыз жана смс-билдирүүдөгү кодду эч кимге айтпаңыз жана шилтемеге киргизбеңиз.

Эстен чыгарбаңыз! Которууну алуу үчүн, Банк эч качан шилтемелерди жөнөтүп, СМСтеги кодду жана CVV-кодун сурабайт.

1. Эгер сиз которууну картага алсаңыз, сизге жөнөтүүчүгө карталык/эсеп-кысап эсебинин 16 орундуу номерин билдирип коюу гана жетиштүү. Эч убакта картанын тескери бетиндеги CVV-кодун башкаларга билдирүүгө/берүүгө болбойт.

2. Эгер акча которууну электрондук капчыкка же мобилдик тиркемеге алып атсаңыз, телефон номерин билидирип коюу гана жетиштүү. Которууну/акча каражатын электрондук капчыкка алуу үчүн шилтеме боюнча эч убакта өтпөңүз.

Төмөндө сиз шылуундардын амалдарынын мисалын көрсөңүз болот. Ишенимге кирүү үчүн шылуундар өздөрү мүмкүн боло турган финансылык махинациялардан сактап жатышат:

Бардык жаңылыктар