Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН АГЕНТТЕРИНЕ

27 6 2022

Урматтуу агенттер!

Компаньон Банкы 2022-жылдын 30-июнунда саат 20:00дөн 23:00гө чейин «Компаньон Агент» тиркемесиндеги кызматтардын функционалын жакшыртуу боюнча техникалык иштер пландаштырылып жатканын тууралуу маалымдайт.

Көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде тиркеме ЖЕТКИЛИКСИЗ болот. Тиркемени акыркы версиясына чейин жаңыртып, бардык зарыл төлөмдөрдү алдын ала ишке ашырууну өтүнөбүз.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. 

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар