Кыргызстанда 14 Days Hackathon аттуу ири хакатондордун биринин финалы болуп өттү. 2022-жылдын 24-июнунда катышуучулар өздөрүнүн стартап-долбоорлорун презентациялашты. Жюри мыкты деп тапкан команда Казакстандагы Most бизнесинкубация программасынан өтүү үчүн сертификат жана Компаньон банкынан 1000$ доллар өлчөмүндөгү акчалай байгеге ээ болду.
Ал эми жеңүүчү болуп, Birge Eats тамак-ашты жеткирип берүү кызматы табылды.
14 Days Hackathon – бул Кыргызстандагы IT жана стартап экосистемасын колдоо үчүн түзүлгөн коммерциялык эмес, социалдык иш-чара. Уюштуруучу – Makers программалоо мектеби, ал эми башкы өнөктөш - Компаньон Банкы.
Белгилей кетсек, хакатонго IT, маркетинг жаатындагы адистер жана продакт менеджерлер болуп, бардыгы 80 катышуучу катталган. Алардын ичинен 14 команда түптөлүп, бирок финалга болгону 6 команда жеткен.
Birge Eatsдин жаш жана таланттуу үч иштеп чыгуучусу Кыргызстандагы тамак-ашты жеткирип берүү кызматтарынан кыйла айырмаланган, уникалдуу бизнес-долбоорду сунуштады. Команданын айтымында, учурда долбоор ишке ашырылууда жана андан ары кеңейтүүгө даяр.
“Хакатон бизге көп жакшы эмоцияларды берди жана дал ушул жерде биздин стартаптын өнүгүүсүндө ири секирик болду”, - деп, өз ою менен Birge Eats командасынын өкүлү Айтемир Мудинов бөлүштү.
Банк өз кызматтарында алдынкы IT-технологияларды жайылтуу менен санарип инновацияларга өзгөчө көңүл бурат. Андыктан, Банк бул чөйрөдөгү жаш, таланттуу адистерди 14 Days Hackathon сыяктуу иш-чаралар аркылуу колдоону көздөйт.