Жаңылыктар

ШЫЛУУНДАР ЖӨН ЖАТКАН ЖОК! АЛДАМЧЫЛЫКТЫН ЖАҢЫ ТҮРҮ.

5 7 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон банкы сиздерден этият болууну суранат! Ниети бузуктар шылуунчулуктун улам жаңы түрлөрүн ойлоп табууда.

Алдамчылар интернет-айдыңында валюта алмаштыруунун дистанттык жолун сунуштаган учурлар кездешүүдө. Алар кызыктар тараптардын ишенимине кирип алып, валютаны алардан сатып алууга көндүрөт. Сатып алуучу сүйлөшүлгөн сумманы жөнөтүүсү үчүн, картанын 16-орундуу саны көрсөтүлгөн сырткы бетинин сүрөтүн жөнөтүшүп, электрондук капчыкка каражаттын келип түшүүсүн күтүшөт. Бирок шылуундар шарттарды аткарбастан, контактты блоктоп салышат.

Ниети бузуктар каалаган банктын төлөм карталарын колдонушу мүмкүн, бирок Банктын алардын ишмердигине эч кандай тиешеси жок.

Алдамчылыкка туш болбоо үчүн, Интернеттеги белгисиз адамдардын шектүү кызматтары менен колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Эсиңиздерде болсун, КРнын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы жок туруп, акча алмаштыруу операцияларын аткаруу – мыйзамсыз. Банктын кеңселерине кайрылып, расмий дистанттык кызматтар аркылуу кызматты ишке ашыруу ишенимдүү болот.

Белгилей кетсек, «Компаньон» мобилдик тиркемесин колдонуу менен валютаны ошол замат конвертациялоого мүмкүн.

Компаньон Банкы катышуучулардын каражатын салууну милдеттендирген эч кандай оюн же башка иш-чараларга катышпайт. Бардык иш-чаралары тууралуу Банк өзүнүн расмий каналдары аркылуу билдирип турат: сайт www.kompanion.kg, 8800 номери жана социалдык тармактагы баракчалары

За любой дополнительной информацией обращайтесь в Службу поддержки клиентов по телефонам: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (звонок с мобильных операторов КР бесплатный). 

Бардык жаңылыктар