Жаңылыктар

ДИСТАНТТЫК ТЕЙЛӨӨ КАНАЛДАРЫ

12 7 2022

Урматтуу кардарлар! 

Сиздердин ыңгайлуулугуңуз үчүн Компаньон Банкы кардарларга 24/7 бою жеткиликтүү болгон дистанттык кызматтарды (банкка келбестен) сунуштайт.

1. “Компаньон” мобилдик тиркемеси

  • Эсептерди, төлөм карталарын толуктоо;
  • Эсеп/депозиттер боюнча көчүрмөлөрдү алуу;
  • Кредиттерди төлөө (башка банктарда жана МККларда алынган кредиттерди дагы төлөө мүмкүн). Компаньон Банкында алынган кредитти төлөөдө комиссия 0%, башка банктарда жана кредиттик уюмдарда алынган кредиттер боюнча комиссия 0,5%дан башталат.
  • Депозиттер, кредиттер жана Компаньон Банкынын эсептериндеги калдыктар боюнча маалыматты көрүү;
  • Коммуналдык кызматтар, мобилдик байланыш, интернет жана мектептер үчүн төлөмдөр;
  • Салыктар менен айып пулдарды төлөө;
  • Россияда чыгарылган VISA, MasterCard жана «МИР» карталарын толуктоо;
  • Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын “Корти Милли”, Азербайжан, Армения, Молдова, Түркмөнстан жана Украинанын төлөм карталарын толуктоо;
  • Кыргызстандын каалаган банкында чыгарылган ЭЛКАРТ карталарын толуктоо;
  • Компаньон мобилдик тиркемесин Россиядан QIWI капчыктары жана терминалдары аркылуу толуктоо;
  • Компаньон мобилдик тиркемесин Россиядан СберБанк Онлайн жана Тинькофф Банк тиркемелери аркылуу толуктоо;
  • QIWI Капчыктарына которуулар (Россия, Казакстан, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстан);
  • Башка электрондук капчыктарга которуулар;
  • Компаньон мобилдик тиркемесинин балансына кредит алууга онлайн тапшырыкты берүү;
  • Тиркемеде “Компаньон” топтолуучу депозитти ачуу, депозитти толуктоо жана чогулган каражатты көрүү;
  • Эсептер боюнча конверсиялык операциялар

жана башка 300+ кызмат.

2. Интернет-банкинг

Интернет-банкинг- 24/7 бою тең арымда эсептер менен башкарууга мүмкүнчүлүк берген дистанттык банктык тейлөөнүн ыңгайлуу жана ишенимдүү жолу.

  • Эсепти же/жана депозитти ачуу;
  • Калдыкты жана депозит/эсеп боюнча эсептелген пайыздарды көрүү;
  • Картага өз алдынча алдын ала которуу жолу менен, депозиттер боюнча эсептелген пайыздарды накталоо;
  • Эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттерди төлөө (анын ичинен башка банктардын жана МККлардын);
  • Төлөм картасына/эсепке которуу аркылуу интернет-банкингдеги депозитти жабуу;
  • Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн каалаган банктарынын компаниялары жана жеке жактарынын эсептерине которуулар;
  • Эсептер боюнча конверсиялык операциялар;
  • Салыктарды жана айып пулдарды төлөө;
  • Коммуналдык кызматтар, мобилдик байланыш, интернет жана мектептерге, ошондой эле 300+ кызматтарга төлөө.

Интернет-Банкингди Банкка келбестен, Кардарларды колдоо кызматына 88 00  же Whatsapp +996 770 33 88 00 номери боюнча кайрылуу аркылуу туташтырууга болот .

3. Компаньон Банкынын расмий сайты

 

Банктык, депозиттик жана карталык эсептер боюнча тейлөө мурда кайсыл банкта тейленип жүргөнүңүзгө көз карандысыз жеткиликтүү.

Дистанттык кызматтарды туташтыруу тууралуу кенен маалыматты Кардарларды колдоо кызматынан (312) 33-88-00 жана 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) номерлери аркылуу билүүгө болот.

Бардык жаңылыктар