Жаңылыктар

АТЫ-ЖӨНҮ БОЮНЧА ЫЛДАМ КОТОРУУЛАР

29 7 2022

“Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу “Аты-жөнү боюнча которуулар” кызматы менен Кыргызстанда акчаны кабыл алуу жана жөнөтүү эми оңой! Которуу үчүн алуучунун аты-жөнүн билүү жетиштүү. Каражаттар ошол замат түшөт!

Которуулар KGS, USD, EUR, RUB валютасында жеткиликтүү. Чет өлкө валютасында которууну жөнөтүү же алуу үчүн алдын ала чет элдик валютадагы банктык эсебин ачуу зарыл.

Которууну жөнөтүү үчүн алгач тиркемени жүктөп алып, идентификациядан өтүшүңүз керек. Андан кийин төмөнкү нускамаларды аткарыңыз:

Жөнөтүүчү которууну жиберүүдөн мурда, комиссиянын өлчөмүн көрөт.

Алуучу которууну ала элек болсо жөнөтүлгөн которууну оңой эле жокко чыгарууга же өзгөртүүгө болот. Жокко чыгаруу үчүн "История" блогунан которууну тандап, "Отмена" баскычын басыңыз, ал эми алуучуну өзгөртүү үчүн "Редактировать" баскычын басып, жаңы алуучунун маалыматтарын толтуруу керек.

Которууну алуу үчүн да алгач тиркемени жүктөп алып, идентификациядан өтүшүңүз керек. Андан кийин нускамаларды аткарыңыз:

Ырастагандан кийин акча каражаты белгиленген реквизиттерге түшөт, ошондой эле которуу боюнча квитанцияны көрүү үчүн опция пайда болот. 

Которууну кантип накталоого болот?  

  • Компаньон Банкынын же Demir Bank достук тармагынын банкоматтарынан; 
  • Компаньон Банкынын каалаган кеңсесинин кассасы аркылуу. 
  • Кыргызстандын бардык аймактарындагы Компаньон Банкынын 1000ден ашык агенттери аркылуу.

Эгер алуучуда «Компаньон» тиркемеси жок болсо, 

Жөнөтүүчү акча каражатын «Компаньон» тиркемесинен жөнөтсө болот, ал эми алуучу аны Банктын каалаган кеңсесинен жөнөтүүчүдөн келген сыр сөз менен аты-жөнүн айтып туруп, алып алат. 

Эгерде жөнөтүүчүдө «Компаньон» тиркемеси жок болсо, 

Жөнөтүүчү акча которууну Банктын кассаларынан аты-жөнү боюнча жибере алат, ал эми алуучу каражатты үйдөн чыкпастан, жөнөтүүчүдөн келген сыр сөз менен тиркеменин балансына алып алат. 

Тиркемени жүктөө:

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот. 

Бардык жаңылыктар