Жаңылыктар

“КОМПАНЬОН” ДЕПОЗИТИ – ОҢОЙ ТОПТОҢУЗ ЖАНА ӨЗ КЕЛЕЧЕГИҢИЗДИ КУРУҢУЗ!

3 8 2022

Канча акча болбосун, алар суу сымал “агып кетет”. Сиз өзүңүз акча табасызбы же ата энеңизден “чөнтөк” каражаттарын алып турасызбы, баары бир каражат кыска убакытка пайда болот дагы, кайда кеткени билинбей калат. Өз кирешеңизди кантип сактап жана көбөйтүүгө болот?

Бизде сиз үчүн чечим бар!

“Компаньон” Депозити – депозиттин бул түрү киреше деңгээлине карабастан, аз суммадан каражат топтоону каалагандар үчүн ылайыктуу! Банктын кеңселерине барбастан, “Компаньон” мобилдик тиркемесинде каалаган максат үчүн депозитти ачып жана толуктоого мүмкүн.

Депозит акча топтоонун, сактоонун жана көбөйтүүнүн натыйжалуу жолу. Жана "эртең" сиз туура чечимиңиз үчүн рахмат айта аласыз! Анткени, акча топтоо менен адам күтүлбөгөн кырдаалдардан корголгон болот. Бул жерде "коопсуздук жаздыкчасын" түзүү гана эмес, ошондой эле ири сатып алуу, окуу же чет өлкөдө эс алуу үчүн акча топтоо мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле, Компаньон Банкынан кепилденген киреше жөнүндө унутпаңыз – сом түрүндө жылдык 15,5% сомго чейин.

Акча топтоону баштоо сиз ойлогондон да оңой! Ал эми ага депозит ачуу жардам берет жана үзгүлтүксүз акча чогултуу үчүн тартипке салат.

Карап көрсөңүз, азыр сизде 100, 500 же 1000 сом барбы? Бардык шек саноолорду четке кагып, аларды ошол замат кайда коротууну ойлонбой туруп, сиз бул жупуну сумманы өзүңүздүн чогулткан акчаңыздын баштапкы суммасына айланта аласыз.

Биринчи кадам жасалды! Андан кийин, тиркемедеги эсепти үзгүлтүксүз толтуруу керек. Муну каалаган убакта жасоого болот, бул жерде эң башкысы тартип. Айтмакчы, ар бир максат үчүн өзүнчө депозит ачып, аларга тиркемеде ат коюуга болот. Бул сиздин эсептериңиз менен башкарууну жеңилдетет.

“Компаньон” тиркемесинде депозит ачуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунан «Компаньон Депозити» бөлүгүн  тандоо;

2. «Депозиттер» бөлүгүндө тизмеден «Жаңы депозит ачуу» дегенди тандоо;

3. Кийинки ачылган терезечеде депозит тууралуу маалымат менен таанышып, депозитти эсептөө үчүн “Андан ары” баскычын басуу;

4. Депозитти эсептөө терезечесинде төмөнкү талаачаларды толтуруу:

✓ «Депозиттин суммасы» — алгачкы салымдын суммасы көрсөтүлөт;

✓ «Депозиттин мөөнөтү» — убактылуу шкаладан депозиттин мөөнөтү тандалат;

✓ «Пландалган ар ай сайын толуктоо» — ар айлык толуктоонун суммасы көрсөтүлөт.

Талаачаларды толтургандан кийин, депозиттин жалпы суммасы, ар айлык толуктоонун суммасы жана депозит боюнча киреше эсептелип, көрсөтүлөт.

5. Депозитти ачууну тастыктоого өтүү жана акчаны чыгарып алуу үчүн эсепти көрсөтүү үчүн “Андан ары” баскычын басуу.

6. «Ырастоо» терезечесинде мурда көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгын карап чыгып керек

7. Акчаны чыгарып алуу эсебин тандагандан кийин, берилген жөндөөлөр боюнча депозитти ачуу үчүн “Андан ары” баскычын басуу зарыл.

Мисалы, ар бир эмгек акыңыздан 10%ды депозитке которууну эрежеге айландырып алыңыз - муну төлөмдөрдүн милдеттүү жана эң маанилүү бөлүгү катары кабыл алыңыз.

Артыкчылыктар:

✓ “Компаньон” мобилдик тиркемесинде(банкка барбастан) калааган убакта комиссиясыз депозитти толуктоо

✓ Тиркемеде чогултулуп жаткан каражаттарды кароо мүмкүнчүлүгү

✓ Депозитти ачуу үчүн минималдуу сумма 100 сомдон тарта

✓ Кирешенин мисал суммасын эсептөө үчүн орнотулган калькулятор

✓ Жалпы депозиттер тизмесинен өзүңүздүн депозитиңиздин атын өзгөртүү мүмкүнчүлүгү

✓ Депозит КРнын депозиттерди коргоо Агенттигинде корголот.

Тиркемени жүктөө:

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот. 

Бардык жаңылыктар