Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН ПРОДУКТУЛАРЫ ЖАНА КЫЗМАТТАРЫ КАРДАРЛАРДЫН КЕРЕКТӨӨЛӨРҮНӨ ЫЛАЙЫК КЕЛЕТ

11 8 2022

Компаньон Банкы кардарларга карата камкордукка өзгөчө көңүл бурат. Сиздин ишенимиңиз - биздин эң башкы жетишкендигибиз.

Биз калк үчүн эң ыңгайлуу жана эффективдүү Банк болууга умтулабыз, ошондуктан бардык продуктулар жана кызматтар кардарлардын керектөөлөрүн жана каалоолорун эске алуу менен иштелип чыгат. Калктын банктын кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында филиалдардын кеңири тармагы - Кыргызстандын бардык аймактарындагы 90дон ашык кеңселер иш алып барат. Демир Банк достук тармагынын 34 банкоматы жана 300дөн ашык банкоматтары кардарларга өлкөнүн дээрлик бардык жеринде акчаны накталоого мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле, Банк кардарлардын ынгайлуулугу үчүн Банктын кеңселерине барбастан, кардарларга күнү-түнү жеткиликтүү болгон аралыктан көрсөтүүлүүчү кызматтарды киргизүүдө:

  • “Компаньон” мобилдик тиркемеси электрондук капчыктын жана Компаньон Банкынын мобилдик банкингинин функцияларын айкалыштырат, ошондой эле дистанттык финансылык кызматтардын кеңири спектрин камтыйт.
  • Интернет-банкинг – суткасына 24 саат, жумасына 7 күн реалдуу убакыт режиминде Интернет аркылуу эсептерди башкарууга мүмкүндүк берген аралыктан банктык тейлөөнүн коопсуз жана ыңгайлуу ыкмасы.
  • Компаньон Банкынын төлөм терминалдары жана Pay24, QuickPay, UMAI, O!, Onoy, MegaPay, Unipay өнөктөш терминалдары. Кардарлар аталган терминалдар аркылуу Компаньон Банкынын кызматтарын төлөй алышат.

Агенттик түйүндөрдүн аркасы менен, Кыргызстандын алыскы аймактары жана айылдарында дагы Компаньон Банкынын кызматтары жеткиликтүү. Учурда 1600дөн ашык агент иштейт, алар дүкөндөрдө, дарыканаларда жана май куюучу жайларда жайгашкан. Агенттер аркылуу Компаньон мобилдик тиркемесинен балансты толуктап, акчаны накталоого болот, ошондой эле Банктын кредиттерин төлөөгө мүмкүн.

Компаньон Банкы күчүн продуктулар жана кызматтарды өнүктүрүүгө гана жумшабастан, өз кардарларынын өнүгүүсүнө дагы кызыкдар. Бул үчүн Банкта жогорку квалификациялуу тренерлерден турган коомчулукту колдоо бөлүмү бар. Алар калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча акысыз тренингдерди байма-бай өткөрүп турушат. Негизги максат – жаштарга жана чоңдорго финансылык максаттарды коюуга, жеке бюджетти башкарууга, акча каражатын топтоого, банктык инструменттерди түшүнүүгө жана аларды натыйжалуу пайдаланууга жардам берүү.

Ошондой эле, кардарлардын агрономия жана мал чарбасы боюнча жогорку квалификациялуу адистерден акысыз консультацияларды алуу жана окутуулардан өтүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөрү бар. 2010-жылдан 2022- жылга чейин Компаньон Банкынын адистери 46 167 тренинг өткөрүштү, аларга Кыргызстандын 1 448 айылынан 75 095 угуучу катышты.

Банк эң мыкты кызмат көрсөтүүнү сунуштоого умтулат жана бул үчүн кызматкерлерге үзгүлтүксүз окутуу программаларынан тарта кардарлар үчүн санариптик продуктуларды иштеп чыгууга чейин көп аракет жумшайт. Кардарлардын муктаждыктарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө жооп берген кайсыл продуктуну же кызматты тандоо керектигин түшүнүү үчүн, кызматкерлерге жыл сайын оффлайн окутуу, ошондой эле үзгүлтүксүз негизде милдеттүү онлайн окутуу программалары өткөрүлөт. Банк үчүн ар бир кардар же конок баалуу, андыктан аларга жеке мамилени колдонуу кызматкерлерге үйрөтүлөт.

Бүгүнкү күндө Банк Кыргызстан боюнча 300 000ден ашык кардарларды тейлейт, алардын ар-бири менен өнөктөштүк мамиле өз ара ишенимдин, урмат-сыйдын жана чынчылдыктын негизинде түзүлгөн. Компаньон Банкы өзүнүн миссиясын аткаруу менен, кардарлардын финансылык туруктуулугу үчүн шарттарды түзүп, банктык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтет жана эң мыкты кызмат көрсөтүүгө умтулат.

Бардык жаңылыктар