Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ХАКЕРДИК ЧАБУУЛДАРГА КАБЫЛГАНЖОК

25 8 2022

Урматтуу кардарлар,

КМШ өлкөлөрүнүн банктарына, анын ичинде Кыргызстандын банктарына хакердик чабуулдар тууралуу интернетте пайда болгон маалыматтарга байланыштуу Компаньон Банкы Банк эч кандай чабуулдарга же маалымат агып чыгуусуна кабылбаганын маалымдайт. Банк маалыматтык системаларга коркунучтарды алдын алуу жана мониторинг жүргүзүү боюнча тынымсыз иштерди жүргүзүп келет. Банкта кардарлардын каражаттарын жана маалыматтарын коргоо үчүн бардык каражаттар жана технологиялар бар.

25-август күнү саат 00.00дөн 10.00гө чейин «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАКы тарабынан техникалык иштер жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын ЭЛКАРТ карталары менен операциялар убактылуу жеткиликтүү эмес. Техникалык иштер аяктагандан кийин, Компаньон Банкынын бардык кызматтары жеткиликтүү жана кадимкидей иштейт.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот.

Бардык жаңылыктар