Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ KASPI BANK МЕНЕН КАЗАКСТАНДАН "ЭЛКАРТ" КАРТАЛАРЫНА ТЕЛЕФОН НОМЕРИ БОЮНЧА КОТОРУУЛАРДЫ ИШКЕ КИРГИЗДИ

27 9 2022

Компаньон Банкы - Kaspi Bank менен биргеликте Казакстандан  ЭЛКАРТ карталарына  ошол замат түшө турган акчалай которуулар кызматын ишке берген алгачкы банк. 

Мындан ары Кыргыз Республикасынын бардык банктарынын ЭЛКАРТ төлөм карталарынын ээлери Kaspi.kz  тиркемеси аркылуу жөнөтүлгөн которууларды телефон номери боюнча алса болот. Акча каражаттары ошол замат келип түшөт! *

*Которууларды алуу боюнча кызмат "Элкарт-Мобайл"тиркемесин колдонуучулар үчүн 24/7 бою жеткиликтүү, анткени карта байланган телефон номерин актуалдаштыруу мобилдик тиркеме аркылуу ишке ашырылат.

Kaspi.kz тиркемесинен которууну кантип ишке ашырууга болот?

Kaspi.kz тиркемесинде:

1. "Которуулар" бөлүгүндө "Эл аралык которуулар" бөлүгүн тандаңыз.

2. "Телефон номери аркылуу" салмасында алуучунун телефон номерин +996 ххх хх хх хх форматында терүү керек же алуучунун номерин контакттар тизмесинен табуу зарыл.

3. Которуунун суммасын жазып, ырастоо зарыл.

Которууну тенге түрүндө гана жөнөтүүгө болот. KGSке конвертация өнөктөш-Банктын курсу боюнча ар бир транзакция боюнча ишке ашырылып, экранда которууну ишке ашырган учурда көрүнөт.

Которуу үчүн комиссия которуунун суммасынан болгону 0,95%ды, минималдуу 200 тенгени түзөт.

Лимиттер:

  • Которуунун бир жолку минималдуу суммасы: 50 сом.
  • Которуунун бир жолку максималдуу суммасы: 15 000 сом.
  • Бир күндүн ичинде которуулардын максималдуу суммасы: 150 000 сом.
  • Бир айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы:1 000 000 сом.

Которуулардын санына чектөө жок.

Эскерте кетсек, акчаны кайта которуу үчүн сиз "Компаньон" тиркемеси аркылуу Казакстандын карталарын толуктоо кызматын колдонсоңуз болот.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88-00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) номерлери аркылуу кайрылыңыздар.

Бардык жаңылыктар