Жаңылыктар

БАТКЕН ОБЛУСУНДА ЖАБЫРКАГАН ДАРДЫН КРЕДИТИН РЕСТРУКТУРИЗАЦИЯЛОО БОЮНЧА АРЫЗДАР

29 9 2022

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта мүлкү жабыркаган кардарларды колдоого болгон аракетин жумшоодо. Банк мөөнөтүнөн өтүп кеткендиги үчүн айып пулдарды чегерүүнү токтотуп, жабыркаган аймактагы кардарлардын кредиттерин реструктуризациялоо боюнча арыздарды кабыл алууда.


Айып пулдарды чегерүү 2022-жылдын 15-сентябрынан 31-октябрга чейин токтотулду. Кредиттерди реструктуризациялоону камтыган кошумча чаралар келип түшкөн арыздардын негизинде жекече каралат.
Арыздар кредит алынган жер боюнча каралат. Кеңселердин иш графиги менен бул жерден таанышууга болот.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот.

Бардык жаңылыктар