Жаңылыктар

БАТКЕН ОБЛУСУНДАГЫ КАРДАРЛАРГА КОЛДОО

10 10 2022

Урматтуу кардарлар,

Банк Компаньон 2022-жылдын сентябрында Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-сентябрындагы ПЖ №313 «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 6-октябрында № 2022-П-12/62-2 (НПА) «Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарларга колдоо көрсөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым чечимдери тууралуу» токтомун кабыл алынганын тууралуу маалымдайт.  

Аталган токтомго ылайык, Банк Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында жабыркаган кардарлардан келип түшкөн бардык кайрылууларды талапка ылайык кароо, болуп өткөн окуяда каза болгон, жарадар болгон, бизнесинен жана/же турак жай кыймылсыз мүлкүнөн ажыраган жарандардын кредиттерин эсептен алып салуу аркылуу чечимдерди кабыл алуу жана көмөктөшүү; кредиттерди реструктуризациялоо, анын ичинде жабыркаган кардарлардын кредиттеринин ордун жабуу мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу; кредиттик келишимдердин шарттарын кайра кароого байланыштуу комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегербөө жана албоо;  кредиттик келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбагандыгы/талапка ылайык аткарылбагандыгы үчүн кардарларга айыптык санкцияларды колдонбоо, анын ичинде үстөк айыпты (айып пул/туум) чегербөө, кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоонун алкагында жабыркаган кардарларга башка жардам көрсөтүү чараларын караштырууда.

Насыяны реструктуризациялоого арыздар кредит алынган жер боюнча кабыл алынат.

Кеңселердин иш убактысы боюнча маалыматты бул жерден алса болот.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот.

Бардык жаңылыктар