Жаңылыктар

AЛДАМЧЫЛАРДАН САК БОЛУҢУЗ!

10 10 2022

Компаньон Банкы шылуундар тууралуу эскертет. Этият болуңуздар!

Шылуундар карталардан, электрондук капчыктардан, мобилдик тиркемеден жана интернетБанкингден акчаны чыгарып кетүүнүн улам жаңы жолдорун ойлоп табууда.

  • Алдамчылар өздөрүн банктын кызматкери деп тааныштырып, телефон аркылуу электрондук капчык, интернет-банкинг же мобилдик тиркеме бузулуп калганын айтышат. Көйгөйдү чечүү үчүн СМС аркылуу келген жашыруун кодду кабарлоону суранышат - буга ишенбеңиздер. СМСтен келген бир жолку коддорду эч кимге билдирүүгө болбойт!

Кодду алгандан кийин, шылуундар бардык эсептерге кире алышат.

  • Алдамчылар Банк же башка уюм жөлөк пул берип жатат деген билдирүүлөрдү жөнөтүшү мүмкүн. Колдонуучуга жөлөк пулду алам десе, жашыруун маалыматтарды берип же шилтеме аркылуу өтүшү керектигин айтышат – шилтемелер аркылуу өтүп же жашыруун маалыматтарды берүүгө болбойт!
  • Мындан тышкары, акча каражаттарын алуу үчүн, шылуундар буга чейин алдамчылардын торуна түшкөн колдонуучулардын карта эсептерин, электрондук капчыктарды, мобилдик тиркемелерди же интернет-Банкингди колдонот - алар бул эсепти чет өлкөдөгү бузуп алган эсептерден акча чыгарып кетүү үчүн транзит катары колдонот. Бул учурда, ээси анын эсебиндеги транзакциялар тууралуу керек болсо кабардар эмес болот. Эгер Сиздин эсебиңизди шылуундар ушундай максатта колдонуп жатса, анда сиздин капчыгыңыз/тиркемеңиз/картаңыз аркылуу акча алып чыккан колдонуучу сизге милицияга арыз жазышы мүмкүн.
  • Эгер интернетте сизге төлөм картаңыз, электрондук капчыгыңыз же мобилдик тиркемеңиз хакердик базада жок экендигин билүү үчүн, картанын номерин жана CVC/CVV кодун сураса, анда бул ШЫЛУУНДАР экени айныксыз.

Эсте болсун!

  • Эч бир учурда башкаларга СМСтен келген жашыруун коддорду, картанын арткы бетиндеги CVV-кодун жана интернет-банкингдин, мобилдик тиркеменин сыр сөздөрүн билдирбеңиз.
  • Шектүү шилтемелер аркылуу өтпөңүз. Картага которууну алуу үчүн картанын 16 орундуу номерин билдирүү жетиштүү, ал эми мобилдик тиркемеге же электрондук капчыкка которууну алуу үчүн сиздин тиркеме катталган телефон номери гана керек.
  • Бир жолку сыр сөздөрдү үчүнчү жактарга, атүгүл Банк кызматкерлерине берүүгө болбойт жана аларды шектүү сайттарда киргизбөө керек.
  • Банктын кызматкери эч качан картанын маалыматтарын, электрондук капчыктын, интернетбанкингдин жана мобилдик тиркеменин паролдорун, ошондой эле СМСтен келген бир жолку кодду сурабайт. Эгер сизге "банктан" чалышса, бирок сиз күмөн санасаңыз, расмий номерге окшош болсо дагы, ошол эле номерге чалбаңыз. Номерди кол менен териңиз.

Кокус сиз алдамчыларга карта жөнүндө маалыматты же СМС менен келген жашыруун кодду билдирсеңиз, анда банкка расмий номерлер боюнча тез арада чалып, картаны, электрондук капчыкты, мобилдик тиркемени же интернет-Банкингди бөгөттөңүз. Алдамчылар жөнүндө банкка жана укук коргоо органдарына кабарлаңыз!

Банк кардар тарабынан купуя маалыматтын жоголушуна, текшерилбеген интернет-ресурстарды пайдалануу учурунда жеке маалыматтардын берилишине жана шылуундук сайттар аркылуу шылуундар жүргүзгөн транзакцияларга тиешеси жок жана бул үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Бардык жаңылыктар