Жаңылыктар

КЫРГЫЗСТАНДАН ТЕЛЕФОН НОМЕРИ АРКЫЛУУ ТИНЬКОФФ КАРТАЛАРЫНА КОТОРУУЛАР

12 10 2022

Компаньон Банкы окурмандар менен Компаньон мобилдик тиркемесинин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө бөлүшүүнү улантууда.

Эми, тиркеменин ыңгайлуу функционалдуулугунан пайдаланып, Компаньон Банкынын кардарлары Россиянын Тинькофф төлөм карталарын Кыргызстандан толуктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Кызмат 24/7 жеткиликтүү жана каражаттар заматта чегерилет.

Тинькофф картасын толуктоо үчүн жөнөтүүчү алуучунун картасына байланышкан телефон номерин билиши жана Компаньон тиркемесинен идентификация өтүшү керек.

Тинькофф картаcын кантип толуктаса болот?

“Компаньон” тиркемесинде:

1.”Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүп “Финансылык кызматтар” дегенди тандоо керек.

2 Андан соң “Телефон номери боюнча Тинькофф Банкына акча которуу” кызматын тандоо керек.

3.Сумманы жана алуучунун реквизиттерин (телефон номери 7*** *** ** ** форматында) терип төлөмдү ырастоо керек.

KGSдан RUBга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөш-банктын курсу боюнча жүргүзүлөт. Рубль түрүндөгү сумма транзакцияны ырастоого чейин көрсөтүлөт.

Кардарлар күнүнө 20 сомдон 50 000 сомго чейин 10 жолуга чейин акча которууларды жүргүзө алышат. Комиссия жөнөтүүчү тарабынан төлөм суммасынын 1% өлчөмүндө төлөнөт.

Эскерте кетсек, артка которуу кызматы Тинькофф колдонмосунан Компаньон мобилдик колдонмосуна да жеткиликтүү.

«Компаньон» мобилдик тиркемеси өзүнө электрондук капчыктын жана Компаньон банкынын мобилдик банкингинин функцияларын жана ошондой эле финансылык кызматтардын кеңири катарын бириктирет.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот.

Бардык жаңылыктар