Жаңылыктар

ЖЫЙЫМ ТОПТОО КҮНҮ МЕНЕН!

31 10 2022

Ар жыл сайын 31-октябрда бүткүл дүйнөлүк  үнөмдөө жумалыгы белгиленет, ал 1924-жылы Сактык банктарынын эл аралык биринчи конгрессин өткөрүүнүн учурунда демилгеленген. Быйыл майрам Кыргызстанда 7-ирет белгиленип жатат.

Компаньон Банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы тарабынан демилгеленген Дүйнөлүк аманат жумалыгына активдүү катышты. Бул майрамдын алкагында, 2022-жылдын 25-октябрынан 31-октябрына чейин Банк алыскы айылдардын калкына жана Кыргызстандын билим берүү мекемелеринде финансылык сабаттуулук боюнча билим берүү кампаниясын өткөргөн.

"Кыялдар ишке ашканда" деген ураан менен Компаньон Банкынын тренерлери  Каракол, Балыкчы, Нарын, Токтогул, Кербен, Ош, Раззаков, Өзгөн шаарларынын, ошондой эле Кочкор, Жумгал, Ноокен жана Өзгөн райондорунун окуучулары жана студенттери үчүн 15 тренинг жана окутуу программаларын өткөрүштү. Мындан тышкары, банктын Нарын филиалы "Тун" НОББББНын окуучулары үчүн ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бардыгы болуп Жыйым топтоо Күнүнө арналган иш-чараларга 402 адам катышты.

Иш-чаралардын катышуучулары банк мекемесинин ишинин өзгөчөлүктөрү, өз кирешелерин жана чыгашаларын пландаштыруунун маанилүүлүгү, ошондой эле акча каражаттарын сактоо ыкмалары жөнүндө билишти. Албетте, Компаньон Банкынын тренерлери финансылык сабаттуулукту өнүктүрүү канчалык маанилүү экендигин жана банк продуктулары туура экономикалык адаттарды калыптандырууга кандайча жардам бере алаарын айтып беришти.

Тренингдер интерактивдүү түрдө өтүп, бул катышуучулардын иш-чарага кызыгуусун арттырды жана алардын активдүү катышуусун камсыз кылды. Кампаниянын алкагында өткөрүлгөн кызыктуу викториналардын, мастер-класстардын жана сынактардын жеңүүчүлөрү эстелик белектерди алышты, алардын арасында Кыргызстанда Жыйым топтоо Күнүнүн символу болгон боз үй түрүндөгү акча чогулткучтар да болду.

Ошондой эле Компаньон Банкы социалдык тармактарда жеке каржыны башкаруу, аманаттарды түзүү, финансылык адаттарды калыптандыруу боюнча кеңештер камтылган бир катар маалыматтык макалаларды жарыялады. Инстаграмда активдүү колдонуучулардын арасында конкурс өткөрүлүп, жеңүүчүлөр 5 000, 3 000 жана 2 000 сом акчалай сертификаттарды алышты, алар кыялдарды ишке ашыруу үчүн каражат топтоонун башталышы болуп берет.

Компаньон Банкы Кыргызстан калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурат жана туруктуу негизде окутуу программаларын сунуштайт. 2 жылдын ичинде банктын адистери 46 167 тренинг өткөрүшкөн, ага Кыргызстандын 15 095 айылынан 7448 угуучу катышкан.

Бардык жаңылыктар