Жаңылыктар

"КОМПАНЬОН" ТИРКЕМЕСИНДЕ ОНЛАЙН-КРЕДИТТЕРДИ БЕРҮҮНҮ ЖАНДАНДЫРУУ

29 11 2022

Компаньон Банкы "Компаньон" мобилдик тиркемесинде онлайн-кредиттерди сунуштайт. Кызмат тиркеменин идентификацияланган колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.

100 000 сомго чейинки онлайн-кредитти каалаган максатта, күрөөсүз жана кепилсиз алууга мүмкүн. Мындан ары, кардарга тапшырык берүү үчүн банктын кеңселерине баруунун кажети жок.

Онлайн-кредитти жеке жактар жана жеке ишкерлер ала алат. Кредит бир заматта таризделет жана ырасталган сумма түздөн-түз тиркеменин балансына түшөт. Тапшырыктар Банктын иш күндөрү: 09:00дон 18:00го чейин, 15 мүнөттүн ичинде каралат. 

"Компаньон"  тиркемесин Google Playден акысыз жүктөп алыңыз.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот. 

Бардык жаңылыктар